“Манас” аба майданында расмий такси кызматтары гана иштей алат
“Манас” эл аралык аба майданы “Кыргызстан аэропорттору” ААК менен келишим түзгөн расмий такси компаниялары гана иштей алышат. Бул тууралуу компаниянын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов журналисттерге билдирген.
Анын айтымына караганда, таксилер белгиленген талаптарга жооп бериши керек. Тактап айтканда, автопарк жаңы жана бренддүү болушу керек.
Самидинов аба майданы өзүнүн такси кызматын түзүүнү пландабай турганын баса белгилеген.