Кыргызстандыктар Кытайда 10 күн визасыз жүрө алышат
20-августтан тарта Кыргызстандын жарандары үчүн Кытайга кирүүнүн эки визасыз режими иштей баштады.
Биринчи тартип боюнча, Кытай аркылуу үчүнчү өлкөгө бара жаткан кыргызстандыктар кийинки сапарын ырастаган билети жана так маршруту болгон учурда өлкөдө 240 саатка - 10 суткага чейин визасыз жүрө алышат.
Мындан тышкары, Хайнань провинциясына ачык порттор аркылуу кирген Кыргызстандын жарандарына 30 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берилет.
Визасыз режим туризм, бизнес, иш сапар жана туугандарга же жакындарга баруу сыяктуу кыска мөөнөттүү сапарларга тиешелүү.