Мамлекеттик кызматкерлерге бирдиктүү талаптар киргизилет: жүрүм-турум, билим, сырткы келбет ж.б.

Мамлекеттик кызматкерлерге бирдиктүү талаптар киргизилет: жүрүм-турум, билим, сырткы келбет ж.б.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды түздөн-түз көрсөткөн кызматкерлер үчүн бирдиктүү талаптарды киргизүү сунушталууда. Долбоордун негизги максаты — жарандар менен иштеген кызматкерлердин кесиптик жүрүм-турумуна, билиминe, даярдыгына, тилдик тейлөөсүнө, сырткы келбетине жана иш алып баруу тартибине бирдей талаптарды белгилөө болуп саналат.

Бул боюнча мыйзамдын долбоору Экономика министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду. Билдирүүгө караганда,  кызмат көрсөтүүлөрдү каттаган, жарандардын суроо-талаптарын кабыл алган жана кызматтын жыйынтыгын берген операторлор үчүн типтүү нускама бекитүү каралууда. Долбоор кабыл алынса, операторлор өз алдынча иштей баштаганга чейин окутуудан өтүп, билими текшерилет жана кызмат көрсөтүү жол-жоболору боюнча практикалык даярдыктан өтүшөт.

Долбоорго ылайык, кызматкер жаранга толук, так, түшүнүктүү жана актуалдуу маалымат берүүгө тийиш болот. Мыйзамда же тиешелүү кызмат көрсөтүү тартибинде каралбаган кошумча документтерди талап кылууга жол берилбейт. Кызматкердин сырткы көрүнүшү да - тыкан жана кесипкөй болуп, кызматтык төш белгиси көрүнүктүү жерге тагылышы тийиш. Мындан тышкары, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жарандарды жана жардамга муктаж башка адамдарды жеткиликтүү жана тоскоолдуксуз тейлөөгө өзгөчө көңүл бурулат.

Долбоордо жарандардын жеке маалыматтарын коргоого байланыштуу талаптар да каралган. Мисалы, кызматкерге документтерди берүүдө, эсептик маалыматтарды ачыкка чыгарууда же жарандардын паролдорун жана электрондук кол тамгасынын ачкычтарын алуу үчүн өзүнүн жеке байланыш каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда.

Мындан тышкары, чыр-чатактар, коопсуздукка коркунуч жаралган учурлар, алдамчылык аракеттери жана коррупциялык сунуштар болгон учурда кызматкерлердин кандай аракет кылышы керектиги да такталат.

Документтин авторлорунун айтымында, мындай талаптарды киргизүү зарылдыгы азыркы учурда жарандарды түздөн-түз тейлеген кызматкерлерге карата бирдиктүү стандарттардын жоктугу менен байланыштуу. Ар түрдүү мекемелердеги мамиле жана тейлөө деңгээлинин айырмачылыгы ички көзөмөлдү да кыйындатат.

Долбоорго ылайык, кызматкерлердин ишине жүргүзүлгөн ички контролдун жыйынтыктары тейлөөнү жакшыртууга жана кошумча окутууну уюштурууга колдонулат. Ошол эле учурда автоматтык түрдө түзүлгөн көрсөткүчтөр кызматкерди жоопкерчиликке тартууга өз алдынча негиз боло албайт.

Типтүү нускама мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, натыйжалуулугун жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media