Аскердик кызматка келишим түзүүгө мажбур кылышат - Валентина Чупик мигранттарды тезинен Россиядан чыгып кетүүгө үндөдү
Мобилизация жарыялангандан кийин россиялык паспорту бар мигранттарга Россиядан чыгып кеткиле деген кеңеш берилди. Кайрылууну мигранттардын укугун коргогон активист Валентина Чупик жарыялады. Кайрылууда ал мигранттар «өз ыктыяры менен аскердик кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болорун белгилеп айтты. «Биринчиден, алар «өз ыктыяры менен аскер кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болушат.