акыркы жаңылыктар

УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасы ачылды

УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасы ачылды

Президент Садыр Жапаров УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачканын анын маалымат кызматы билдирди. Жапаров УКМКнын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты. Чек арачылардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугу чек арадан башталарын белгиледи. “Кыргызстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. Биз

Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясы ата мекендик суусундуктардын ассортиментин милдеттүү түрдө киргизүү жөнүндөгү талапка каршы

Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясы ата мекендик суусундуктардын ассортиментин милдеттүү түрдө киргизүү жөнүндөгү талапка каршы

КРнын Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясы ата мекендик суусундуктардын ассортиментин милдеттүү түрдө киргизүү жөнүндөгү демилгеге каршы экенин билдиришти. Кыргызстандын Коомдук тамактануу жайлары ассоциациясы «КРнын аймагындагы соода-сатык ишмердүүлүгүн ирээтке келтирүү жөнүндөгү» токтомуна киргизиле турган өкмөттүн өзгөртүүлөрү ата мекендик бизнеске олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүн деген деген негизде кабатырланууда. Тагыраак айтканда, кеп өлкөнүн

Башкы прокуратура Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата эки кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата эки кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогонун кабарлады. Прокуратуранын берген маалыматына таянсак, 2021-2022-жылдары Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына

Сауд Арабиянын Инвестиция министрлигинен жумушчу топ Кыргызстанга иш сапары менен келет

Сауд Арабиянын Инвестиция министрлигинен жумушчу топ Кыргызстанга иш сапары менен келет

Сауд Арабия Падышачылыгы Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу КРнын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, жакынкы арада аталган өлкөнүн Инвестиция министрлигинен жумушчу топ Кыргызстанга иш сапары менен келет. Алар КРга келүү менен анын инвестициялык потенциалы, улуттук ири долбоорлор жана эки тараптын кызыкчылыгына төп келген дагы башка

АКШнын Бишкектеги элчилиги виза интервьюсуна жаңы ачкан 980 орун эки саатта толуп калган

АКШнын Бишкектеги элчилиги виза интервьюсуна жаңы ачкан 980 орун эки саатта толуп калган

АКШнын Бишкектеги элчилиги 12-сентябрда виза интервьюсуна жаңы 980 орун ачканын, бирок ал тез убакыт аралыгында эле толуп калганын билдирди. “Виза алууну каалоочулар 2 сааттын ичинде бул орундарды ээлеп коюшту. Буга кошумча, биз жакында КРнын жарандарын биринчи кезекте орундар менен камсыз кылуу үчүн кыргызстандык эмес жарандарды кабыл алуу эрежелерин жаңырттык”

Кыргызстан Индия менен 200 млн доллар насыя алуу маселесин кайрадан талкуулады

Кыргызстан Индия менен 200 млн доллар насыя алуу маселесин кайрадан талкуулады

Кыргызстан Индиядан 200 млн доллар өлчөмүндө кредит алуу тууралуу маселени кайрадан алар менен талкууга алды. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинин маалыматында айтылат. Министрликтен билдиришкендей, кечээ, 12-сентябрда КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Индиянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушуп, жаңы элчини

«Альянс Алтын» компаниясы 8 млрд сом өлчөмүндө салык төлөдү

«Альянс Алтын» компаниясы 8 млрд сом өлчөмүндө салык төлөдү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы сентябрь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 8 059 479 142 сом салык төлөсө, анын ичинен 5.3 млрд сому алтынды саткан каражаттан түшкөн. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат. «Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү инфратүзүмдү сактоо жана өнүктүрүү үчүн сатыктан 549

Эгиндерди чаап-жыйноо боюнча азырынча Чүй облусунун чарбалары алдыда

Эгиндерди чаап-жыйноо боюнча азырынча Чүй облусунун чарбалары алдыда

Улутстаткомдун берген маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз), өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 403 миң гектар аянттан 6%га көп жыйналган жана бир млн тоннадан ашык же 2 эсеге көп дан бастырылган. “Республика боюнча дан эгиндердин чаап-жыйноо аянты жыйнала турган

Бул жылы дагы тейлөө тармагы ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүшкө ээ болду - 46.1%

Экономика

Бул жылы дагы тейлөө тармагы ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүшкө ээ болду - 46.1%

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди (46.1%), бул өткөн жылдын деңгээлинде сакталды. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди. Ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 1.4%дык пунктка төмөндөп, 37.9%ды түздү. Муну менен, өнөр жайдын үлүшү 19.5%ды түзсө, айыл чарбасынын үлүшү

John Galt КРнын түштүк аймактарында жакшы бизнес долбоорлорго 1 млн сомго чейин гранттык каражаттарды берет

John Galt КРнын түштүк аймактарында жакшы бизнес долбоорлорго 1 млн сомго чейин гранттык каражаттарды берет

Бизнес акселератор John Galt КРнын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын тургундары үчүн бизнес долбоорлордун сынагын жарыялайт. Бул тууралуу аталган акселератордун маалымат кызматы билдирди. Катышуу талаптары: * жашыңыз 18ден 35ке чейин болуш керек * сиз жаңы баштаган же учурда иштеп жаткан ишкерсиз, кошумча каржылоого муктажсыз * сиз Баткен, Жалал-Абад же Ош облусунда

Кыргызстанда ИДП 8%га өстү - Улутстатком

Кыргызстанда ИДП 8%га өстү - Улутстатком

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукт (ИДП) алдына ала баалоо боюнча 506 млрд сомдун тегерегинде түзүлдү жана 2021-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 8%га жогорулады. Мындай маалыматты Улутстатком билдирди. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү 468 млрд сомду түзүп, 5.

«Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында өлкө боюнча 1963 гана дыйкан насыя алган

«Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында өлкө боюнча 1963 гана дыйкан насыя алган

2022-жылдын 5-сентябрына карата “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында 3.4 млрд сом, анын ичинен “Айыл Банк” ААКга – 1.7 млрд сом жана “РСК Банк” ААКга – 1.7 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Бардыгы болуп 1963 кредит – 1.6 млрд сом суммасында берилди. * Фермердик