акыркы жаңылыктар

Электрондук тамекилерге коюлган салыктын туура эмес ставкаларынан улам бюджетке 150-170 млн сом түшпөй калышы мүмкүн

Электрондук тамекилерге коюлган салыктын туура эмес ставкаларынан улам бюджетке 150-170 млн сом түшпөй калышы мүмкүн

Жылытылган тамеки продукцияларына коюлган салыктын ставкалары тамекиге болгон салыктын ставкаларына теңелбесе, бюджетке 150-170 млн сом түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 23-ноябрда ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Базар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын жетекчиси Артур Ташибеков билдирди. Анын айтымында, мурда Экономика министрлиги тамекинин даана эсебине макул болсо,

Дүйшөнбек Камчыбеков: Сырткы башкаруу киргизердин алдында «Кумтөрдөгү» акцияларыбыз 700 млн доллар болчу

Дүйшөнбек Камчыбеков: Сырткы башкаруу киргизердин алдында «Кумтөрдөгү» акцияларыбыз 700 млн доллар болчу

Биз «Кумтөрдөн» бюджетке чоң сумма түшө турган бир нече жолду сунуштаганбыз. Бул тууралуу Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков «Марал» радиосунун эфиринде билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан «Кумтөрдүн» 77 млн акциясына ээлик кылып, алар үчүн Директорлор кеңешинин чечими менен жылына 12 млн доллардын тегерегинде дивиденд алып

Түштүк жергесинде санариптик стартаптардын хакатону башталды

Түштүк жергесинде санариптик стартаптардын хакатону башталды

Accelerate Prosperity уюму «Аракетчил» жаштар долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы инновациялык жана санариптик стартаптар арасында Prosperity Cup хакатонунун ачылышын өткөрдү. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин катышуучулар өнүктүрүүнү жана инвестицияны талап кылган бизнес-идеялары менен арыздарын жөнөтүп, анын негизинде тандоо жүргүзүлгөн. Эң ийгиликтүү стартаптар гранттык колдоо алышат.

Carcheck кызматы акылуу болушу мүмкүн –  бир сурам 10 сом болот

Carcheck кызматы акылуу болушу мүмкүн – бир сурам 10 сом болот

Carcheck кызматы акылуу болушу мүмкүн. Электрондук форматта маалыматты суроо кызматынын баасы болжол менен 10 сомду түзөт деп болжолдонууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун санариптик өнүктүрүү министрлиги министрлер кабинетинин сайтына жарыялады. Унаа каражаттары тууралуу маалыматты электрондук форматта portal.tunduk.kg мамлекеттик кызматтар порталы жана Carcheck сервиси аркылуу онлайн режиминде алууга болот. Маалымат «суроо-жооп»

«Кыргыз Петролеум Компаниге» Камчыбек Ташиевдин кандай тиешеси бар? – Иликтөө

«Кыргыз Петролеум Компаниге» Камчыбек Ташиевдин кандай тиешеси бар? – Иликтөө

УКМКнын (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тууганы, тагыраак айтканда, 31 жаштагы жээни КРгы нефтини кайра иштетүүчү ири заводго жетекчи болуп дайындалган. Бул тууралуу ютубдагы Temirov LIVE каналынын кезектеги иликтөөсүндө айтылат. Журналист Тыныстан Асыпбековдун айтымында, 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин жалгыз акционери «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасы болгон «Кыргыз Петролеум Компанинин» жетекчиси Нурлан Максүтов жумуштан

Карыздарды реструктуризациялоодон  бюджетке 758 млн сом түштү

Карыздарды реструктуризациялоодон бюджетке 758 млн сом түштү

Салык кызматы 2020-жылдын августунан 2021-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоонун алкагында бюджетке 758.1 млн сом түшкөнүн маалымдайт. Бюджетке карыздын негизги суммасынан 449.1 млн сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасынан 309 млн сом түштү. Мындан тышкары, Салык кызматы 10 миң 159 субъектке

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо процесстерине байкоо жүргүзүүнун алдын ала отчетун даярдады

«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо процесстерине байкоо жүргүзүүнун алдын ала отчетун даярдады

2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүгө узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө «Жалпы иш» коомдук фондунун алдын ала отчету. Отчет КР ЖКнын депутаттарын шайлоо белгиленген учурдан тартып, 2021-жылдын 29-августунан 18-ноябрына чейинки мезгилге тиешелүү жана талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо жол-жоболорун, талапкерлердин тизмесин, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын

Каржы министрлиги «Газпромбанк» менен келишимдерди банктык коштоо боюнча макулдашты

Каржы министрлиги «Газпромбанк» менен келишимдерди банктык коштоо боюнча макулдашты

Экономика министрлиги «Газпромбанк» менен мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда контракттардын банктык коштоосун киргизүү максатында Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. 22-ноябрда меморандумга Финансы министри Алмаз Бакетаев, «Газпромбанк» акционердик коому тараптан Аткаруучу вице-президент – контракттардын банктык коштоосу департаментинин начальниги Олег Мельников кол койду. Министрликтин берген маалыматына ылайык, бул документке Москва шаарына жумушчу

Россия «Кант» аскер базасы багытындагы темир жолду оңдойт

Россия «Кант» аскер базасы багытындагы темир жолду оңдойт

Россиянын аскер темир жолчулары «Кант» аскер базасына кеткен 500 метрлик тилкени калыбына келтиришет. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, 400дөн ашык темир-бетон шпалдарын алмаштырып, 35 тонна рельс төшөө керек. Жумушка 30дай аскер кызматкери жана эки атайын техника тартылат.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү 38%га өстү

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү 38%га өстү

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү январь-сентябрь айларында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 38%га өсүп, 1.7 млрд доллардан ашык сумманы түздү. Бул тууралуу РФнын премьер-министри Михаил Мишустин КРнын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда билдиргенин РФ өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Мишустиндин айтымында, Орусия Кыргызстандын негизги экономикалык

Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун документациясын иштеп чыгууга 106 млн сом жумшалат

Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун документациясын иштеп чыгууга 106 млн сом жумшалат

Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга 106 миллион сом жумшалат. «Чакан ГЭС» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда тиешелүү кызматтарды сатып алуу боюнча ири келишимди бекитүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди. Келечекте келишим мамлекеттик сатып алуулар боюнча расмий порталында жайгаштырылат. Эске сала

РСК Банк уставдык капиталын 885 млн сомго көбөйттү

РСК Банк уставдык капиталын 885 млн сомго көбөйттү

«РСК Банк» ААК акцияларды жайгаштыруу аркылуу өзүнүн уставдык капиталын 885 млн сомго көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди. Белгилей кетсек, каржы мекемесинин уставдык капиталын көбөйтүү чечимин анын жалгыз акционери болгон Мамлекеттик мүлк фонду 28-октябрда кабыл алган. «РСК Банк» үчүн бул жөнөкөй акциялардын 20-чыгарылышы болду. КФБнын маалыматына таянсак, бул