акыркы жаңылыктар

Июнь айында «Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Каттоо башталды

Июнь айында «Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Каттоо башталды

13-июнда Бишкекте «Германия экономикасынын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүдө бизнес-форумдун алдында атайын Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңеши түзүлгөнү, ал Германия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу үчүн эффективдүү кадам болуп, кийин бизнес өкүлдөрдүн өз ара туруктуу аракеттенүүсү үчүн негизги аянтча

169.3 млн сом тез жардам унааларын сатып алууга  бөлүндү

169.3 млн сом тез жардам унааларын сатып алууга бөлүндү

Тез жардам унааларын сатып алууга 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эсебинен 169.3 млн сом бөлүндү.  Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Кабыл алынган чечимге ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 169.3 млн 347 миң сом акча каражаты бөлүнөт. Бул бюджеттик каражаттар «Акылдуу

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөдөн жүрүү акы төлөнө турган болот

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөдөн жүрүү акы төлөнө турган болот

Курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативалык жолундагы узундугу 3890 метрлик тоннелди жана эстакадалык көпүрөдөн жүрүүнү акы төлөнө турган кылуу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы курулуштарды бүтүрүп, толук ачууга али 1.5-2 жыл бар болгондуктан, азырынча жол акынын суммасы конкреттүү коюла электигин жана

«Түндүкэлектр» карызы бар 8 миң абонентти аралыктан өчүрөт

«Түндүкэлектр» карызы бар 8 миң абонентти аралыктан өчүрөт

«Түндүкэлектр» ААК 8 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Дүйшөмбү күнү, 16-майдан тарта «Түндүкэлектр» ААК 8 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат. «Акылдуу» эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери)

Кыргызстандыктарды үйлөрүн камсыздандырууну милдеттендирүү каралууда

Кыргызстандыктарды үйлөрүн камсыздандырууну милдеттендирүү каралууда

Мамфинкөзөмөл турак-жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамды аткарбагандыгы үчүн айып пул киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Негиздемеде өрт жана табигый кырсыктар болгон учурда компенсация бюджеттик каражаттардын эсебинен эмес, камсыздандыруунун эсебинен жүргүзүлөрү белгиленген. Мындай чечим, демилгеге ылайык, камсыздандыруу компанияларынын финансылык туруктуулугун чыңдоого жардам берет. «Учурда камсыздандыруучу компаниялар мыйзамдардын

3 күн катар туруксуз аба ырайы күтүлөт. Сел жүрүшү мүмкүн

3 күн катар туруксуз аба ырайы күтүлөт. Сел жүрүшү мүмкүн

Гидрометеорологиялык кызматы өлкө аймагында 13-майда жана 14-15-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүп жатканын билдирди. Катуу жааган жаан-чачындан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел каптоо коркунучу күтүлүүдө. ӨКМ кооптуулуктун алдын алуу максатында райондордо, айылдарда сел агуучу каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин улантуу, ошондой эле селдин алдын алуу

Транспорт министрлиги 138 млн сомду мыйзамсыз жок кылган – негизсиз маяналар берилген

Транспорт министрлиги 138 млн сомду мыйзамсыз жок кылган – негизсиз маяналар берилген

Эсептөө палатасынын кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга Транспорт жана жол министрлигинде натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту кабыл алды. Аудитте Транспорт министрлиги жалпы суммасы 138.2 млн сомду мыйзамсыз иштеткени аныкталган. * Эмгек акылардын негизсиз төлөнүшү 8 млн 468.1 миң сомду түзгөн * 2020-жылы жумушчу

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун кээ бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун кээ бир бөлүгү убактылуу жабылат

«Кыргыз темир жолу» УК МИ 16-майдан 20-майга чейин  Бишкек –Нарын – Торугарт жолунун 129-чакырымында коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) жүргүзүлөрүн маалымдады. Жумуштар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн

Айыл чарба министрлиги 17.6 млн сомду «жеп койгон» – аудиттин жыйынтыгы

Айыл чарба министрлиги 17.6 млн сомду «жеп койгон» – аудиттин жыйынтыгы

Эсептөө палатасынын кезектеги жыйынында 2020-жылдагы Айыл чарба министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет бекитилгенин палатанын маалымат кызматы билдирди. Аудиттин материалдарында айтылгандай, жалпы суммасы 17 млн 553.2 миң сомдук каржы бузуулар аныкталган. Анын ичинен эң негизгилери: * эмгек акы төлөөдө кетирилген каржылык тартип бузуулардын

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоого даяр. Шарттары

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоого даяр. Шарттары

Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду каржылоого арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун төрагасы Темирбек Эркинов билдирди. Эркинов инвестициялык долбоорлорду каржылоонун пайыздык чени 1.5%дан 7.25%га чейин экенин белгиледи. Төмөн пайыздык чен төрт критерий менен каралат: * Кыргызстандын экономикасына салым

Салык кызматы январь-апрель айларында пландан 1.2 млрд сомго ашык салык чогултту

Салык кызматы январь-апрель айларында пландан 1.2 млрд сомго ашык салык чогултту

2022-жылдын январь-апрель айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 48 млрд 75.1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. Бекитилген план 102.7 %га аткарылган же 1 млрд 244.8 млн сомго ашык чогултулган. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 18 млрд 293.

Май айындагы селдин кесепетинин зыяны 90 млн сом деп бааланды

Май айындагы селдин кесепетинин зыяны 90 млн сом деп бааланды

Үстүбүздөгү жылдын май айында болуп өткөн табигый кырсыктардан, акыркы мезгилдеги селден келген чыгым 90 млн сомду түзөт. Бул тууралуу кечээ, 11-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди. Жыйында баяндама жасаган Шамырканов Сузак районунун Атабеков, Барпы, Сузак айыл аймактарындагы жүргөн селден улам жалпы 907 турак