акыркы жаңылыктар

Былтыр интернет алдамчылыгы боюнча 387 кылмыштын бети ачылбай калган

Экономика

Былтыр интернет алдамчылыгы боюнча 387 кылмыштын бети ачылбай калган

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов парламенттеги Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 23-февралдагы отурумунда былтыр интернет алдамчылыгы боюнча 674 кылмыш иши козголуп, анын 387синин бети ачылбай калганына көңүл бурганын "Азаттык" жазды. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев кылмыштардын бети ачылбай калышынын бир себеби катары социалдык

Президент  Москвадагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшов эмнеге катышканын түшүндүрдү

Коом

Президент Москвадагы сүйлөшүүлөргө Алексей Ширшов эмнеге катышканын түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров 23-февралда “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегинде россиялык ишкер Алексей Ширшовго байланышкан суроолорго жооп берди.  Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча биз “жебеген самсага” 37 млн доллар, пайызы менен бүгүнкү күндө 51 млн доллардан ашык акча каражат “Русгидрого” карыз болуп калдык. Бул карыздын пайызы күндөн-күнгө тууп жатат. Эл аралык сот

Кыргызстанда 2025-жылы электромобилдер саны 9 870 жеткен

Транспорт

Кыргызстанда 2025-жылы электромобилдер саны 9 870 жеткен

2026-жылдын 1-январына карата республика боюнча катталган унаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 961ди түзгөнүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Бул көрсөткүч 2024-жылдагы 1 млн 697 миң 100 унаага салыштырмалуу 13%га өскөнүн көрсөтөт. Катталган унаалардын түзүмү төмөнкүдөй: * 972 миң 252 – бензин менен жүргөн унаалар (51%); * 57

Министр Талантбек Солтобаев Ысык-Көлдө жол курулуштарын текшерди

Транспорт

Министр Талантбек Солтобаев Ысык-Көлдө жол курулуштарын текшерди

21-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын алкагында министр "Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол" автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Жолдун 87–140-чакырым аралыгындагы тилкелерде, анын ичинде көпүрөлөрдө аткарылып жаткан жумуштар текшерилди.

Онлайн соода менен алектенгендер ЭЭФтин жаңы формасын үйрөнүштү

Экономика

Онлайн соода менен алектенгендер ЭЭФтин жаңы формасын үйрөнүштү

Мамлекеттик салык кызматы электрондук соода аянтчаларынын өкүлдөрү жана электрондук сооданын катышуучулары (селлерлер) үчүн окутуучу семинар өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, электрондук соода аянтчаларынын, тигүү тармагынын жана профилдик ассоциациялардын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда катышуучуларга электрондук эсеп-фактуранын (ЭЭФ) жаңы формасы сунушталып, аны колдонуунун өзгөчөлүктөрү

Фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары үйрөтүлдү

Коом

Фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары үйрөтүлдү

Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунда 17-19-февраль күндөрү мазмундуу жана практикага багытталган окуу семинарлары өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Семинарлар айыл чарба малдарын туура багуу, рационалдуу тоюттандыруу жана жасалма жол менен уруктандыруу багытында фермерлердин жана тармак

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Энергетика

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

24-февралда Бишкек шаарында дебитордук карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт, - деп билдирет Бишкек электр тармактар ишканасы. Ишкана абоненттерди ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн эсептерди өз убагында төлөөгө чакырат. Өздүк эсепти ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" рубрикасы аркылуу онлайн текшерүүгө болот. Тиричилик абоненттери балансты "Менин жарыгым&

Манас шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр тааныштырылды

Бийлик

Манас шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Манас шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Абдупата Маткаликовду тааныштырды. МинКаб башчысы мэрге шаарды туруктуу социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калктын жашоо сапатын жакшыртуу, инвестиция тартуу жана социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу милдеттери боюнча тапшырмаларды белгиледи. Адылбек Касымалиев Манас шаарынын мэрине жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Сокулукта 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Коом

Сокулукта 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушун баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим берүүчү жай заманбап үлгүдөгү 3 кабаттуу, 5 блоктон турган имарат болуп курулат. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган. Курулуш иштерин Турак

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында экинчи орунду алышты

Коом

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында экинчи орунду алышты

Кросс боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында экинчи орунду алышты. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 21-февралда жеңил атлетика боюнча КРнын улуттук курама командасы кросс боюнча 18th Asian Athletics Cross Country Championships Fukuoka 2026 аталышындагы мелдешке катышып, күмүш медаль багындырышкан. Мелдеш Япониянын Фукуока шаарында өткөн. Курама командада жөө

Быйыл Ош шаарында 20 миңге жакын көчөт отургузулат

Коом

Быйыл Ош шаарында 20 миңге жакын көчөт отургузулат

Быйыл Ош шаарына 20 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн мэр Жанарбек Акаевдин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын иши менен таанышуусу учурунда белгилүү болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү негизги приоритеттүү пландарынын бири экендигин айтып, быйыл шаарды көрктөндүрүү аракеттерине өзгөчө көңүл

Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык камсыздоо мыйзамдарын жактырды

Бийлик

Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык камсыздоо мыйзамдарын жактырды

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети "Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинети. Жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция