Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун документациясын иштеп чыгууга 106 млн сом жумшалат
Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга 106 миллион сом жумшалат. «Чакан ГЭС» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда тиешелүү кызматтарды сатып алуу боюнча ири келишимди бекитүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди. Келечекте келишим мамлекеттик сатып алуулар боюнча расмий порталында жайгаштырылат.