Экономика
Ф.Кулов Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна элдик инвестиция тартууну сунуштады
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов жарандарды Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоого элдик инвестиция тартуу демилгесин көтөрдү. Анын айтымында, бул долбоор өлкө тарыхындагы эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болуп саналат жана Кыргызстанды Чыгыш менен Батышты байланыштырган транзиттик түйүнгө айлантат. Курулуштун жалпы наркы болжол менен 4,7 млрд доллар деп