Экономика
Эмне үчүн кредит албаш керек? Себептерин айтабыз
Жазында Пригородное айылында 15 аял эгерде алардын үч жыл мурда алынган кредитин кечишпесе, өздөрүн өрттөп салабыз деп коркутушту. Мындай учурлар аз эмес. Дээрлик ар бир жолу Кыргызстанда олку-солку экономикалык кырдаал түзүлгөн сайын, алган кредитинен бошотууну талап кылган адамдар чыгат. Кирешесинин аздыгынан калк дайыма банктан насыя алууга мажбур болуп турат.