Гранттар каякка кетип жатат? Кыргызстанда финансылык жардамдарды мониторинг кылган система эмнеге жок?
30 жылдык эгемендүүлүгүнүн өнүгүү тарыхында Кыргызстан эч бир финансылык көз карандысыздыкка жете албады. Өлкөдөгү кедейликтин деңгээлин да түшүрө алган жок. Билим берүү, саламаттыкты сактоо системасында, климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү, экономикалык өсүүнү камсыздоо, инновациялык өзгөрүүлөрдү жана инфраструктураларды жайылтуу боюнча да көзгө көрүнөөрлүк жыйынтыктар болгон жок. Бийлик бийик трибуналарында дайыма кыйкырып келген