«Дос-Кредобанк» өзүнүн уставдык капиталын 194 млн сомго көбөйтөт
«Дос-Кредобанк» ААКнын акционерлери 2018-2019 жана 2020-жылдарда түшкөн пайданы 194 млн сом өлчөмүндө бөлүштүрбөй, аны банктын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшоону чечишти. Мындай чечим 7-июнда болуп өткөн акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынгандыгын Кыргыз фондулук биржасынын сайты маалымдады. Уставдык капиталды көбөйтүү жөнөкөй катталган акцияларды кошумча чыгаруунун эсебинен жүрөт.