акыркы жаңылыктар

Эсептөө палатасы 1 млрд сомдук мыйзам бузууларды аныктады

Эсептөө палатасы 1 млрд сомдук мыйзам бузууларды аныктады

2020-жылы Эсептөө палатасы 90 аудиттик иш жүргүзүп, 1 млрд сомдук каржылык мыйзам бузууларды жана 1.6 млрд сомдук сарамжалсыз пайдаланылган каражаттарды аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынын төрагасы Алмаз Акматов парламенттин бюджет жана каржы комитетине билдирди деп маалымдайт ЖКнын басма сөз кызматы. Акматовдун айтымында, текшерүүлөр 1824 түзүмдүк бөлүмдөрдө жана ведомстволордо

«МКУ» кошумча акцияларын чыгаруу менен 17 млн сом тапты

«МКУ» кошумча акцияларын чыгаруу менен 17 млн сом тапты

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК сегизинчи жөнөкөй кошумча акцияларын чыгаруу жолу менен 17.3 млн сом тартты. Бул тууралуу «Кыргыз фондулук биржасынын» маалымат кызматы билдирди. Бул келишим өткөн жумада (31-майдан 4-июнга чейин) эң ири болуп, соода көлөмүнүн 80%ын ээлеген. Камсыздандыруу уюмунун баалуу кагаздарынын бир акциясы – 100 сомдон сатылды.

Түрк ишкерлерине Кыргызстанда өнөр жай зонасын ачуу сунушталды

Түрк ишкерлерине Кыргызстанда өнөр жай зонасын ачуу сунушталды

Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов 7-июнь күнү Анкара шаарында (Түркия) Уюшкан өнөр жай зонасынын (OSTIM) башкармалыгынын төрагасы Орхан Айдин менен жолугушту. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн маалымат кызматы билдирди. OSTIM компаниясынын өкүлдөрү негизинен чакан, орто ишканалардан турган жана Анкаранын алдыңкы өнөр жай зоналарынын бири болгон уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Алардын

КРда шекердин, өсүмдүк майынын жана малдын импортуна КНС жокко чыгарылышы мүмкүн

КРда шекердин, өсүмдүк майынын жана малдын импортуна КНС жокко чыгарылышы мүмкүн

Кыргызстан кум шекерди, өсүмдүк майын жана айыл чарба жаныбарларын импорттоодо КНС (кошумчаланган нарк салыгы) ставкасын убактылуу нөлгө түшүрүүнү көздөп жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтына жарыяланды. 2021-жылдын 1-июнунан 31-декабрына чейин КНСтин нөлдүк ставкасын белгилөө сунушталууда. Долбоордун демилгечилеринин айтымында, мындай чара азык-түлүк товарларына болгон

Кытайлык инвесторлор КРнын өнөр жай паркына 20 млн доллар салат

Кытайлык инвесторлор КРнын өнөр жай паркына 20 млн доллар салат

Silk Way өнөр жай паркы кытайлык инвесторлор менен инвестициялык келишим түздү. Башында 20 млн доллар бөлүнөөрү күтүлүүдө, андан кийин жалпы инвестициялар 100 млн долларга чейин өсөөрүн парктын басма сөз кызматы билдирди. Документке кечээ 7-июнда кол коюлду. Иш-чарага кыргыз-кытай кызматташтыгы Ассоциациясынын төрагасы Чжуншань Ехунцзянь, элчиликтин жана Кытайдын жалпыга

«Улутэнергохолдинг» электр тармактарына 30 млрд сом инвестиция салууну көздөөдө

«Улутэнергохолдинг» электр тармактарына 30 млрд сом инвестиция салууну көздөөдө

«Улуттук энергетикалык холдинг» электр тармактарына 30 млрд сом инвестиция салууну көздөөдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурдин Кожогулов бүгүн, 7-июнда «Кыргызстандын энергетикасы» тегерек столунда билдирди, деп маалымдайт Энергетика министрлигинин маалымат кызматы. Маалыматка таянсак, 2021-2025-ж.ж. «Улутэнергохолдинг» 110-500 кВ тармактарын курууга, реконструкциялоого жана

Энергетика тармагындагы апаат: жабдуулардын 70% эскирди жана миллиарддаган карыздар турат

Энергетика тармагындагы апаат: жабдуулардын 70% эскирди жана миллиарддаган карыздар турат

Кыргызстандын энергетика тармагы үрөй учурарлык көрсөткүчтөрдү берүүдө. Мындай маалыматтарды Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурдин Кожогулов «Кыргызстандын энергетикасы» тегерек столунда билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Кожогуловдун айтымында, энергетикалык компаниялардын карыздык милдеттенмелеринин (насыялар, ссудалар) көлөмү 129 млрд сомдон ашты. Ошол эле учурда, электр

КРнын ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүү көлөмү 2020-жылы 12.5%га төмөндөгөн – Пандемиянын кесепети

КРнын ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүү көлөмү 2020-жылы 12.5%га төмөндөгөн – Пандемиянын кесепети

ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен республиканын өз ара соода жүгүртүү көлөмү пандемиянын кесепетинен 2020-жылы 12.5%га чейин төмөндөдү. Бул тууралуу Улутстатком маалымдайт. 2017-2018-ж.ж. тышкы соода жүгүртүү мурдагы жылдарга салыштырганда 16%дан ашыгыраак болсо, 2019-жылы бул көрсөткүч 2.1%га азайган. Ал эми 2020-жылы пандемиянын

Мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртууга Экономика министрлигине грузиялык консультанттар көмөктөшөт

Мамлекеттик каржыны башкарууну жакшыртууга Экономика министрлигине грузиялык консультанттар көмөктөшөт

Дүйнөлүк Банктын «Мамлекеттик финансы менеджментинин потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында, бюджеттик бөлүмдүн кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү максатында, Экономика министрлиги Грузиядан консультанттарды жалдады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Грузиядан эксперттерди тартуу «Мамлекеттик финансылык менеджменттин потенциалын жогорулатуу» долбоорунун аркасында мүмкүн болду. Долбоор Швейцария өкмөтүнүн жана Европа Комиссиясынын гранттык салымдары м

Саясатчылар энергетиканын атын аеосуз камчылашты – министр

Саясатчылар энергетиканын атын аеосуз камчылашты – министр

Отуз жылдан бери өлкөнүн энергетикасынын техникалык интеллигенция тобу, өздөрүнүн саясий максаттарын ишке ашыруу үчүн өлөйүн деген энергетиканын атын аеосуз камчылаган атка минерлерлерди момун баладай угуп, бардык каалоолорун тил алчаактык менен аткарып, туруктуу стресске кабылып, андан тышкары, эскирип, мөөнөтү өтүп бараткан материалдык жабдууларды иштөө абалында кармап келет. Бул тууралуу Энергетика жана

Көйгөйлөрдү тайманбастык менен чечип, бизнес процесстерди ишенимдүү башкарыңыз – «Борсок» ресторандар тармагынын негиздөөчүсүнүн ийгилик сырлары

Бизнес маек

Көйгөйлөрдү тайманбастык менен чечип, бизнес процесстерди ишенимдүү башкарыңыз – «Борсок» ресторандар тармагынын негиздөөчүсүнүн ийгилик сырлары

Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр жана кризис чакан жана орто бизнести олуттуу солгундатты жана бул айрыкча тейлөө чөйрөсүндө иштегендерге таасирин тийгизди. Бир жыл мурда Самат Апашов Европа Бирлиги менен Ага Хан Фондунун биргелешкен долбоорунун алкагында Ош облусундагы ишкерлердин Accelerate Prosperity (AP) акселератордук программасына катышкан. Өзүнүн маегинде, ал пандемиянын кесепетинен ресторан бизнесин

«Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшыруучу жүргүнчүлөр учуудан 5 саат мурда келүүлөрү зарыл – Эскертүү

«Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшыруучу жүргүнчүлөр учуудан 5 саат мурда келүүлөрү зарыл – Эскертүү

«Манас» «МЭА» ААК эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр аэропорттон ПЦР-тест тапшырмак болушса, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет. Эске салсак, Кыргызстандын негизги аба дарбазасынан 2021-жылдын 31-майынан тартып, COVID-19 илдетин тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР-лабораториясы ишке кирген. ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун