Бийлик
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусу жогорулатылды
Президент Садыр Жапаров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана анын ролун күчөтүүгө багытталган Жарлыкка кол койду. Жарлык инвестицияларды тартуу жаатындагы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. Ага ылайык, Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы инвестициялык саясатка, инвестициялык долбоорлорго жана макулдашууларга байланышкан маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышат.