Энергетика
GPRC, NRP жана KCG компаниялары Кыргызстанда 3 жаңы ЖЭС курууга кызыкдар
Энергетика министри Таалайбек Ибраев GPRC, NRP жана KCG компанияларынын Консорциумунун жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун алкагында министр өлкөнүн энергетика системасынын акыркы жылдардагы өнүгүүсү жана жүргүзүлүп жаткан долбоорлор тууралуу маалымдады. Министр Консорциумду Кыргызстандагы көмүр кендерине жылуулук электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялар ар бири