Былтыр Ош облусунда 12 энергообъект пайдаланууга берилген

Былтыр Ош облусунда 12 энергообъект пайдаланууга берилген

Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде, 2025-жылы “КУЭТ” ААКнын каржылоосу менен Ош электр тармактары ишканасында капиталдык курулуш планы аткарылды. Анын алкагында 7 объект жаңыдан курулуп, 5 объект капиталдык ремонттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жаңы курулуштардын ичинде Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы Куршаб УЭСи, Салам-Алик УЭСи, Кара-Суу РЭТинин Отуз-Адыр УЭСи, ошондой эле 220/110/10 кВ “Узловая” жана 35/10 кВ “Ой-Тал” көмөк чордондорунда кызматтык имараттар салынды. Алай РЭТинин Сары-Таш бөлүмүндө да алгач ирет кызматтык имараттын курулушу башталды.

Мындан тышкары, Өзгөн жана Кара-Суу РЭТтеринин имараттары толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, айланасы асфальтталды. Ош электр тармактарынын Электр энергиясын сатуу мекемесинин имараты, Кара-Кулжа РЭТиндеги жана Өзгөн РЭТине караштуу Жазы УЭСиндеги объектилер да жаңыланып, кызматкерлер үчүн шарттар жакшыртылды. Араван РЭТинин алыскы Пахтачы УЭСинде капиталдык ремонт иштери аткарылды.

Бул иштер энергетиктердин эмгек шарттарын жакшыртууга жана электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын