акыркы жаңылыктар

Жаратылыш ресурстары министрлиги жүгүртүүгө уруксат берилүүчү идиштердин  тизмесин бекитүүнү сунуштады

Экономика

Жаратылыш ресурстары министрлиги жүгүртүүгө уруксат берилүүчү идиштердин тизмесин бекитүүнү сунуштады

Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө уруксат берилүүчү полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмесин бекитүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Документ полимер пакеттеринин жана пластик буюмдардын жүгүртүүсүн чектөө жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 2027-жылдын 1-январынан тарта өлкө боюнча айрым пластик буюмдардын жүгүртүүсүнө

Кыргызстанда органикалык продукция чыгарган 11 кооператив бар

Экономика

Кыргызстанда органикалык продукция чыгарган 11 кооператив бар

Кыргызстанда 11 кооператив органикалык продукция өндүрүү менен алектенерин Жогорку Кенештин комитетинин жыйынында Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев билдирди. Анын айтымында, учурда дагы 30га жакын ишкана органикалык продукция өндүрүүгө өтүүгө даярдык көрүп жатат. Чыналиев белгилегендей, 2022-жылдан бери органикалык продукция өндүрүүчүлөр 300 млн сомго жакын

Өзгөндө балдар жөлөкпулу мыйзамсыз токтотулган факт аныкталды

Коом

Өзгөндө балдар жөлөкпулу мыйзамсыз токтотулган факт аныкталды

Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, мекеменин айрым кызмат адамдары К.Б. аттуу жарандын паспорттук маалыматтарын пайдаланып, аны формалдуу түрдө кызматкер катары каттап, анын атынан социалдык төлөмдөрдү жүргүзүп, эсептелген эмгек акыны

"Энесай" менен "Дордой" жаңы конуштарынын ортосунда 20 гектар аянттагы парк ачылат

Экономика

"Энесай" менен "Дордой" жаңы конуштарынын ортосунда 20 гектар аянттагы парк ачылат

Бишкек мэриясы "Энесай" жана "Дордой" турак жай массивдеринин ортосунда парк уюштурууну пландап жатканын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди. Ал буларды депутат Табылды Муратбековдун эки турак жай массивинин ортосундагы парк куруу

Быйыл Бишкекте 2 парк реконструкцияланат

Кыймылсыз мүлк

Быйыл Бишкекте 2 парк реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы эки парк реконструкцияланарын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди. Анын айтымында, реконструкциялана турган парктар — Тоголок Молдо жана Эркиндик парктары. "Ошондой эле Жаш Гвардия бульвары да реконструкцияланат. Шаарда жалпы 12 парк

Кыргызстанда жеке маалыматтарды 27 миңден ашык уюм иштетет

Кыргызстанда жеке маалыматтарды 27 миңден ашык уюм иштетет

Кыргызстанда жеке маалыматтар массивинин кармоочуларынын реестринде 27 652 уюм катталган. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 2 906сы — мамлекеттик уюмдар, ал эми

ЖЧК уюштуруучуларынын субсидиардык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам долбоору чакыртылып алынды

ЖЧК уюштуруучуларынын субсидиардык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам долбоору чакыртылып алынды

Мамлекеттик салык кызматы жоопкерчилиги чектелген коомдордун  негиздөөчүлөрүнө субсидиардык жоопкерчиликти киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кайра чакыртып алганын маалымдады. Билдирүүгө караганда, бул чечим мыйзам долбоорунун жоболорун кошумча талдоо, эл аралык тажрыйбаны изилдөө, мүмкүн болгон экономикалык жана укуктук кесепеттерди баалоо, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана жарандардын пикирлерин эске алуу максатында кабыл

Жалал-Абад электр тармактарына акыркы 3 жылда 66 техника алынган

Энергетика

Жалал-Абад электр тармактарына акыркы 3 жылда 66 техника алынган

Акыркы үч жыл ичинде Жалал-Абаддын энергетиктерине 66 даана жаңы техника алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, учурда Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансында жалпы 257 даана техникабар. Жаңы техникалар “КУЭТ” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен сатып алынып, электр тармактарын тейлөө, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюу жана оңдоо иштерине колдонулууда. Алынган техникалардын

КУУнун №4 жатаканасынын ордуна 16 кабаттуу имарат курулуп жатат

Кыймылсыз мүлк

КУУнун №4 жатаканасынын ордуна 16 кабаттуу имарат курулуп жатат

Жибек Жолу проспектисинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети үчүн 16 кабаттуу жаңы имарат куруларын бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү боюнча комитетинин жыйынында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Исаев билдирди. Бүгүн комитет Байтик айылында Россия-Кыргыз славян университетинин студенттик шаарчасын куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо маселесин карап

Кыргызстандын ИДПсы 2 айда 264,1 млрд сомго жетти

Бийлик

Кыргызстандын ИДПсы 2 айда 264,1 млрд сомго жетти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйында 2026-жылдын январь-февраль айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары, бюджеттин аткарылышы, жаңы 100 күндүк реформалар жана жазгы талаа иштерине даярдык каралды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, январь-февраль айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы 264,1 млрд сомду түзүп, өткөн

МИК май айында кезекте тургандарга батирлерди бере баштайт

Кыймылсыз мүлк

МИК май айында кезекте тургандарга батирлерди бере баштайт

Мамлекеттик ипотекалык компания май айынан тарта Бишкекте турак жай алуу үчүн кезекте турган жарандарга батирлерди бере баштарын "Биринчи радио" эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нургазы Атаканов билдирди. Анын айтымында, учурда борбор калаада бир нече объектилердин курулушу аяктоо алдында турат. Алар: Маликов көчөсүндөгү (мурунку №47 колониянын аймагы)

ӨКМ: 18-мартка чейин айрым жолдордо кар көчкү коркунучу бар

Транспорт

ӨКМ: 18-мартка чейин айрым жолдордо кар көчкү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-мартка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, туруксуз аба ырайына байланыштуу айрым ашууларда жана капчыгайларда этият болуу зарыл. Алардын катарына Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу, Бишкек