Бишкекке майда көмүр алып киргендер 23 миң сомго чейин айып пул төлөйт
Кыргызстанда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында 0–13 мм өлчөмүндөгү майда фракциядагы көмүрүн алып кирүү, сатуу, сактоо жана пайдалануу үчүн административдик жоопкерчилик киргизүү сунушталды. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизүү сунушталып жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, Кодекске 234-берене менен толуктоо киргизилип, көрсөтүлгөн фракциядагы майда көмүрдүн жүгүртүлүшү үчүн айып пулдар