Энергетика
Энергетика министрлиги Камбарата-1 боюнча экинчи коомдук талкууну уюштурду
6–10-октябрында Камбарата-1 ГЭСинин долбооруна кирген Атай (Тогуз-Торо), Сары-Камыш, Иманалиев жана Толук (Токтогул) айыл аймактарында экинчи айлампада коомдук талкуулар болуп өттү. Бул тууралуу Энергтика министрлигинен билдиришти. Иш-чарага 300гө жакын жергиликтүү тургун, дыйкандар, малчылар, коомдук лидерлер, айымдар жана адистер катышты. Талкуунун негизги темалары — суу сактагычты толтуруудан улам жайыттардын кыскарышы, мал айдоо