Кызыктуу
Германияда асмандан метеорит сыныктары түштү
Германияда асмандан түшкөн метеориттин сыныктары бир нече үйдүн чатырларын жабыркатканын РИА Новости билдирет. Маалыматка ылайык, метеориттин сыныктары Рейнланд-Пфальц аймагындагы үйлөргө зыян келтирген. Айрыкча Хунсрюк жана Эйфель региондорунан, ошондой эле Кобленц шаарынан чатырлардын жабыркаганы тууралуу маалыматтар түшкөн. Түндүк Рейн-Вестфалиядагы аба мейкиндигин көзөмөлдөгөн борбордун өкүлү бул окуя чындап болгонун айтты.