акыркы жаңылыктар

Бишкектеги таштанды заводу качан ачылары айтылды

Коом

Бишкектеги таштанды заводу качан ачылары айтылды

Бишкекте курулуп жаткан таштанды заводу ушул жылдын 28-декабрында ачыларын шаар мэри Айбек Жунушалиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. “Завод таштандыны бир айда иргеп, кургатып, өрттөөгө даярдайт. Андан электр кубаты өндүрүлөт. Иш башталганда суткасына 460 мегаватт электр энергиясын өндүрүп, анын 410 мегаваттын шаарга берет, ал эми 50 мегаватт өзүндө

Ири өлчөмдөгү мыйзамсыз косметика кармалды

Ири өлчөмдөгү мыйзамсыз косметика кармалды

“Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү жайында бетти тарттыруу үчүн мыйзамсыз инъекциялык каражаттардын жана ботокс аналогдорунун партиясы кармалганын Салык кызматымаалымдады.  Ведомство тараткан маалыматта сырттан келген товардын тиешелүү тастыктамалары болгон эмес жана коштомо документтер жасалма экендиги аныкталган. Алынган жүктүн болжолдуу баасы 1,5 миллион сом экенин айтылууда. Мыйзамсыз жүктү ташыган автоунаа айып короого киргизилип, материалдар

Фермерлерге 187 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Гранттар жана кредиттер

Фермерлерге 187 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик долбоор ишке ашууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өндүрүмдүүлүгү жогору асыл тукум малдарды сатып алуу үчүн фермерлерге колдоо көрсөтүү максатында Министрлер Кабинети бекиткен “Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоору боюнча жеңилдетилген насыяларды берүү жараяны жүрүп жатат. Аталган долбоорду “Айыл Банк”

Суу сактагычтарда балык уулоого тыюу салынды

Коом

Суу сактагычтарда балык уулоого тыюу салынды

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар улуттук суу сактагычтарда үч жылга балык уулоого убактылуу тыюу салуу  токтомуна кол койду. Мындай чечим балыктарды сактоо жана аларды көбөйтүү шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Мораторий Токтогул, Базар-Коргон, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Киров суу сактагычтарына тиешелүү. Бул суу сактагычтарды байырлаган балыктын бардык түрлөрүн

Жездин баасы кымбаттайт

Экономика

Жездин баасы кымбаттайт

Goldman Sachs банкы 2026-жылга карата жездин тоннасынын баасы 10 миң доллардан 10,5 миң долларга чейин көтөрүлөрүн божомолдоодо. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды. Эксперттердин айтымында, баанын көтөрүлүшүнө төмөнкү факторлор себеп болууда: * Индонезиядагы Grasberg кениндеги жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы; * АКШ долларынын алсырашы; * Пайыздык чендердин төмөндөшү. “Жездин баасы $10–11 миң доллардын тегерегинде.

“Союлган” унааларды киргизүүгө тыюу салынды

“Союлган” унааларды киргизүүгө тыюу салынды

Кыргызстанга унаалардын кузовдорун алып келүүгө убактылуу тыюу салынганын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.  Эске салсак буга чейин Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы №121-токтому менен M1 категориясындагы (жеңил автоунаалар) транспорт каражаттарынын кузовдорун алып келүүгө биринчи жолу убактылуу тыюу салынган. Эми 3-октябрдагы МинКабдын жаңы токтому менен бул чаранын мөөнөтү дагы алты айга узартылды.

Кыргызстанда алтын сутка ичинде 2584 сомго кымбаттады

Кыргызстанда алтын сутка ичинде 2584 сомго кымбаттады

8-октябрга карата Улуттук банк алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасын 350 517,5 сом деп белгиледи. Ал эми 7-октябрда бул баа 347 933,5 сомду түзгөн. Демек, бир сутканын ичинде алтындын унциясы 2 584 сомго жогорулады. Бүгүнкү күндө Улуттук банк алтын куймаларынын унциясын 355 755 сомдон сатып жатат.

Бишкекте жаңыланган "Баластан" бала бакчасы ачылды

Коом

Бишкекте жаңыланган "Баластан" бала бакчасы ачылды

Бүгүн Бишкекте №60 "Баластан" бала бакчасынын жаңыланган имараты ачылды. Эки кабаттуу мекеме 140 орунга ылайыкталып, 280 бала тарбияланат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, имараттын жалпы аянты 1363 чарчы метр. Бакчада медициналык кабинет, ашкана, актовый зал, оюн жана уктоочу бөлмөлөр бар. Имарат толук капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап шарттар түзүлгөн. Мекеменин айланасы

Чет өлкөлүктөргө 6 ай уруксат берилет

Транспорт

Чет өлкөлүктөргө 6 ай уруксат берилет

Экономика жана коммерция министрлигинин Бажы саясаты башкармалыгынын жетекчиси Руслан Тыналиев радиоэфирден Россия, Казакстан жарандары өзүнө катталган автоунаа менен Кыргызстанда 6 ай жүрө аларын билдирди.   Анын айтымында, унаа эси ал үчүн унаасын камсыздандырышы керек. Бирок, андай унааларды Кыргызстан жараны айдоого мыйзам уруксат бербейт. Мындай практика өнүккөн  өлкөлөрдө көптөн бери колдонулуп келе

“Тамчы” инвестициялык аймагы түзүлөт

Бизнес

“Тамчы” инвестициялык аймагы түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдө «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статусу бар «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.  Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык консультанттар, сингапурдук «Makara Capital» инвестициялык-консультациялыккомпаниясынын жетекчилери жана эксперттери катышты. Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев аталган инвестициялык аймактытүзүү өлк

Баткенде экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчү долбоор башталды

Гранттар жана кредиттер

Баткенде экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчү долбоор башталды

Баткен облусунда АРИС аркылуу “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор” ишке ашат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүк маалымдады. Бүгүн, Баткен шаарында долбоордун алкагында тегерек стол өтүп, жыйынтыгында АРИС менен жергиликтүү бийлик органдары 2026–2029-жылдар аралыгында биргелешип иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюшту. Долбоордун максаты – климаттын өзгөрүшүнө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жогорулатуу

Ош облустук оорукана толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Коом

Ош облустук оорукана толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ош облустук клиникалык ооруканасы 1976-жылы пайдаланууга берилгенден бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда имараттын жылытуу системасы жана инженердик тармактары толугу менен алмаштырылып, фасады жаңыланды. Оңдоо иштери 2024-жылы башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 258 млн сомду