Саясат
А.Касымалиев: ИДП 2025-жылы 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө
Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүп, инвестициялык активдүүлүк жана финансылык туруктуулук чыңдалып жатат. 2024-жылдын акырына карата ИДП киши башына 2513 долларды түзгөн жана 2025-жылы 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында 2024-жылга карата Министрлер Кабинетинин отчетун карап, 2025-жылдын