Экономика
Кыргызстандыктар ОСАГО полиси боюнча 256 млн сом төлөм алышты
Кыргызстанда автоунаага жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 256 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эң ири бөлүгү ыктыярдуу камсыздандыруу түрлөрүнө туура келет. Тактап айтканда, жеке