акыркы жаңылыктар

Балыкчы токой чарбасы тамчылатып сугарууга өтүүгө 39 млн сом жумшайт

Экономика

Балыкчы токой чарбасы тамчылатып сугарууга өтүүгө 39 млн сом жумшайт

Балыкчы токой чарбасы жалпы суммасы 39 млн сомду түзгөн тамчылатып сугаруу системаларын сатып алуу жана орнотуу боюнча тендер жарыялады. Мекеме Ысык-Көл облусунда материалдарды жеткирүү жана курулуш иштерин аткара турган жеткирүүчүнү издеп жатат. Улуттук валютадагы арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 24-февралында аяктайт. Компаниялардын сунуштары тапшырылган күндөн тартып 30 күн

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Экономика

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөт

Өлкөдө 2030-жылга чейин Rest Рoint`тордун саны көбөйөрүн Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча эс алуучуларга ылайыкталган 18 Rest Рoint жана 5 туристтик-маалыматтык борбор бар. Ал белгилегендей, туристтик-маалыматтык борборлордун бешөө Ысык-Көл облусунда иштеп жатат. Эми

Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт

Энергетика

Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт

Энергетика министрлигинин колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, керектөөчүлөрдүн 9,9%ы электр энергиясы үчүн төлөмдү мурдагыдай эле почта жана касса аркылуу жүргүзүшөт. Кыргызстана Улуттук электр тармактары маалымдагандай, абоненттердин көпчүлүгү мобилдик тиркемелерге жана онлайн-сервистерге өткөн. Бир нече жыл мурда абал башкача болчу: накталай жана кассалык төлөмдөр 60–70%ды

Асыл тукум малды көбөйтүү жайыт деградациясын 5%га азайтат

Экономика

Асыл тукум малды көбөйтүү жайыт деградациясын 5%га азайтат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Ала-Тоо Live түз эфиринде “Агродиалог-2026” агроөнөр жай форуму тууралуу маалымат берип жатып, жайыт деградациясын азайтуунун негизги жолу катары малдын санын эмес, сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө жайыттардын тозушу актуалдуу көйгөй бойдон

Пенсия, стипендия жана жөлөк пулдар кечиктирилсе айып пул эсептелет

Экономика

Пенсия, стипендия жана жөлөк пулдар кечиктирилсе айып пул эсептелет

Жогорку Кеңеште сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр каралды. МинКаб иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, пенсияларды, стипендияларды жана жөлөк пулдарды беш күндөн ашык мөөнөткө кечиктирүү үчүн айып пул эсептелет. Тактап айтканда: * Кечиктирилген суммага ар бир күн үчүн

Казакстанда пайызсыз ипотеканы ишке киргизүү каралууда

Казакстанда пайызсыз ипотеканы ишке киргизүү каралууда

Казакстандын “Байтерек” Улуттук башкаруу холдингинин башкармасынын төрагасы Рустам Карагойшин исламдык ипотеканы ишке киргизүү маселеси учурда каралып жатканын Tengrinews.kz маалымат булагына билдирген.   Карагойшиндин айтымында, жергиликтүү жарандардан мындай «каржылык чечимдерге» суроо-талап көп түшүп жатат. Андыктан мындай мүмкүнчүлүктү  киргизүү азырынча эл аралык институттар менен биргеликте изилденүүдө. “Белгилүү болгондой, биздин түзүмдө Отбасы

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү жаңы мектептин ачылышына катышты

Саясат

Адылбек Касымалиев Өзгөндөгү жаңы мектептин ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагына караштуу Жылалды айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы мектеп республикалык бюджеттен 152 млн сом каражат бөлүнүп курулуп, 275 орунга ылайыкталган. Имарат заманбап окуу класстары,

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Экономика

Испания компаниясы күн электр станциясын курууга кызыкдар

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Solartec World Company S.L.компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Анын ичинде күн электр энергиясын өндүрүү үчүн фотоэлектрдик панелдерди орнотуу, ошондой эле эркин экономикалык аймакта тез тургузулуучу жана экологиялык жактан таза үйлөрдү чыгаруучу комбинат куруу маселелери каралды. Өзгөчө

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Коом

Бакыт Төрөбаев Кара-Суудагы жазгы талаа иштерине даярдыктарды текшерди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, жазгы талаа иштерине даярдыктар менен таанышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрликтин аймактык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым

Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн

Энергетика

Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн

Бала-Саруу кичи ГЭСи 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бүгүнкү күндө пландалган 1,7 млн кВт/сааттын ордуна 2,15 млн кВт/саат өндүрүлүп, план 24%га ашык аткарылды. Бул көрсөткүч станциянын жабдууларынын жогорку даярдык деңгээлин жана персоналдын тынымсыз эмгегин көрсөтөт. Бул тууралуу

Жалал-Абадда эки акча алмаштыруу жайына айып пул салынды

Банктар

Жалал-Абадда эки акча алмаштыруу жайына айып пул салынды

Жалал-Абаддагы акча алмаштыруу бюролорунун мыйзам бузганы аныкталып, ар бирине 55 000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облусттук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен, мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн Жалал-Абаддагы эки алмашуу бюросунун ар

Мэр ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгына заманбап жабдууларды тапшырды

Коом

Мэр ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгына заманбап жабдууларды тапшырды

Бүгүн Бишкек мэри Айбек Джунушалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына жаңы атайын жабдууларды тапшырды. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Үсөн уулу Акжол, Свердлов районунун башчысы Медербек Амангелдиев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери