Түрк инвенстициялык фонду 2026-жылы долбоордук ишин баштайт
Бишкекте Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин экинчи жыйыны өткөнүн Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун долбоордук ишмердүүлүгү расмий түрдө 2026-жылдын биринчи чейрегинде баштала турганы тууралуу чечим кабыл алынды. Бул стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда жана уюмдун практикалык ишин баштоодо маанилүү этап болуп саналат. Жыйында катышуучулар фонддун практикалык ишмердүүлүгүн