акыркы жаңылыктар

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Коом

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

КРнын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, кыргызстандыктарды  “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады. Мамлекет катчы өз сөзүндө - Улуу “Манас” эпосу улутубуздун руханий өзөгүн, чыныгы атуулдук милдетти, мекенчилдикти, ошондой эле эл биримдиги менен өлкөбүздүн бүтүндүгүн түшүндүрө тургандыгын белгиледи. “Өз тарыхын сыйлаган элдин келечеги бекем, өз мурасын урматтаган элдин руху түбөлүк болот”

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Коом

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көмүрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну киргизген токтом кабыл алды. Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.  Документке ылайык, өлкөнүн көмүрү автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө

Үнөмдүү жана ыңгайлуу: электроунаалар шаардык таксинин көрүнүшүн кантип өзгөртүп жатат

Коом

Үнөмдүү жана ыңгайлуу: электроунаалар шаардык таксинин көрүнүшүн кантип өзгөртүп жатат

Кыргызстандын такси автопарктарындагы электрунаалардын саны өсүүдө. Бул тармактагы эң ири оюнчулардын бири - экологияга жана натыйжалуулукка артыкчылык берген – “Go Park”. Эмне үчүн бизнес электроунааларды тандап жатат, айдоочулар бул өзгөрүүлөргө кандай карашат жана жалпысынан жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында эмне өзгөрүүлөр бар - биздин материалда.  Экологиялык таза, ыңгайлуу жана кирешелүү  Такси рыногунда Яндекс

Жол кырсыгын алдын алуу үчүн ӨКМ унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну сунуштайт

Коом

Жол кырсыгын алдын алуу үчүн ӨКМ унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну сунуштайт

Бүгүн Талас, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй жана Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы ЧҮЙ өрөөнүндө +11... +16, Талас жергесинде +8… +13, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +8... +13,

КРнын депозиттик базасынын өсүшү боюнча планы 101,4 % аткарылды

Экономика

КРнын депозиттик базасынын өсүшү боюнча планы 101,4 % аткарылды

2019–2025-жылдары депозиттик базанын өсүшү Депозиттерди коргоо Агенттигинин капиталын олуттуу көбөйттү. КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы ай сайын көбөйүп жатат. Бул тууралуу КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев  билдирди. “Депозиттерди коргоо фонду өз каражаттарынын эсебинен туруктуу өсүүнү сактап келе жатат.

М.Тургунбаев: Бардык колдонуучуларга тиешеси бар маанилүү чечим кабыл алынды

Банктар

М.Тургунбаев: Бардык колдонуучуларга тиешеси бар маанилүү чечим кабыл алынды

КРнын Улуттук банкынын башкармасы кабыл алган токтомго ылайык, мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн улуттук валютадагы ички акча которуулар үчүн алынуучу комиссиялар эми жокко чыгарылат. Мындай билдирүүнү Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев жеке баракчасында жарыялады. Анын айтымында 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин банктар жана төлөм уюмдары мындай операциялар үчүн жеке жактардан

Тобокелдиги бар товарлардын тизмеси жаңыланды

Тобокелдиги бар товарлардын тизмеси жаңыланды

Мамлекеттик салык кызматы тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгы боюнча салык базасы белгиленген товарлардын тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизгенин "Кабар" маалымат агенттиги жазды. Товарлардын позициялары Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоочу субъекттердин кайрылууларынын негизинде кайра каралып жана жаңыланды. Киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизги бөлүгү социалдык маанилүү товарларга тиешелүү жана импорттук операциялардын

Бишкекте 4-декабрда бир катар аймактарда ичүүчү суу убактылуу токтотулат

Коом

Бишкекте 4-декабрда бир катар аймактарда ичүүчү суу убактылуу токтотулат

Эртең 4-декабрда саат 10:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин бир катар аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" МИси билдирди. Маалыматка ылайык, суу токтотуу шаардагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Суунун токтотулушу төмөнкү көчөлөрдөгү авариялык-калыбына

Кыргызстанда кант өндүрүү көлөмү 2 млрд 685,5 млн сомду түздү

Экономика

Кыргызстанда кант өндүрүү көлөмү 2 млрд 685,5 млн сомду түздү

2025-жылдын январь–октябрь айларында Кыргызстанда кант өндүрүү көлөмү 2 млрд 685,5 млн сомду түзгөнү статистиканын маалыматтарында айтылат. Көрсөтүлгөн мезгилдеги көрсөткүч 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 54,1% көп. Ал кезде кант өндүрүүнүн көлөмү 1 млрд 742,3 млн сом болгон. Ошону менен бирге, 2025-жылдын октябрь айында кант чыгаруу 881,

Бишкек, Ош шаарларындагы курулуш объектилерине рейд жүрүүдө

Коом

Бишкек, Ош шаарларындагы курулуш объектилерине рейд жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек жана Ош шаарларындагы башкармалыктары атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуучу жайлардын иштөөсүн текшерүү боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы боюнча инспекторлор курулуш объектилерин төмөнкү талаптар боюнча карап чыгууда: * атайын техникалар үчүн дөңгөлөк

Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлдү

Транспорт

Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлдү

Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы тапта "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караган № 1 Жол куруу башкармалыгы жана подряддык компания тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери уланууда. Белгилей кетсек, аталган жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7

Улуттук банк акча которуулардагы комиссиялык төлөмдү убактылуу токтотту

Банктар

Улуттук банк акча которуулардагы комиссиялык төлөмдү убактылуу токтотту

КРнын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 3-декабрында № 2025-П-12/64-5-(ПС) токтомун кабыл алды. Ага ылайык: 1. 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары жеке адамдардан мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын ичиндеги акча которуулар үчүн комиссиялык сый акы (комиссиялык төлөм) ала албайт. 2. Ошондой эле, эсеп ачпастан