Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Бишкекте ЖОЖдорду башка шаарларга көчүрүү маселеси көтөрүлдү

Депутат Илимбек Кубанычбеков Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларын жакынкы шаарларга көчүрүүнү сунуштады.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы жол тыгындары маселесин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Илимбек Кубанычбеков бул көйгөйдү чечүүгө багытталган бир катар сунуштарды ортого салды.

Анын айтымында, автоунааларды реэкспорттоо жана каттоо менен алектенген ишканаларды шаардын сыртына — мисалы, Токмок же Кара-Балта шаарларына көчүрүүгө болот. Бул да Бишкектеги тыгындардын деңгээлин белгилүү бир деңгээлде азайтмак.

"Ошондой эле ири университеттерди Токмокко же Кара-Балтага көчүрсө болот. Студенттердин бул шаарларга келиши алардын экономикасына жана инфраструктурасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизмек", — деди депутат.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев депутаттын бул сунушун колдоп, МинКаб программаларын иштеп чыгууда бул маселени изилдеп көрүүгө убада берди.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызфармациядагы" мыйзам бузуулар 138 млн сомго жакын зыян алып келди

"Кыргызфармациядагы" мыйзам бузуулар 138 млн сомго жакын зыян алып келди

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасында дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын чыныгы муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы баасы 74,1 млн сом болгон дары-дармектердин 60 түрүнүн жарактуулук

Ноокенде селдин кесепеттерин жоюуга катышкан 348 жаран азык-түлүк алышты

Ноокенде селдин кесепеттерин жоюуга катышкан 348 жаран азык-түлүк алышты

Ноокен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштерине катышкан 348 жаранга эмгек акысы катары жалпы 114 тонна азык-түлүк берилди. Бул тууралуу "Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги" уюму билдирди. Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Эмгек үчүн азык-түлүк жардам" долбоорунун алкагында 300 килограммдан ун

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык аяктап калды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык аяктап калды

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери акыркы этапка кирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Оюндарга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Жыйында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы программасы, маданий, спорттук жана илимий иш-чаралар, ошондой эле жабылуу

Кара-Балтада абанын булганышы 3,9 эсеге чейин нормадан ашты

Кара-Балтада абанын булганышы 3,9 эсеге чейин нормадан ашты

Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында айрым аймактарда атмосфералык абадагы азот кошкычкылынын концентрациясы белгиленген чектен ашканы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык мониторинг департаменти Кара-Балта шаарынын тургундарынын кайрылууларынан кийин шаардан жана Ново-Николаевка айылынан абанын үлгүлөрүн алган. Мониторинг Кара-Балтадагы 40