Коом
Өзбекстандан 28 тонна жезди мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду
Өзбекстандан 28 тонна жезди мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Такталгандай, Ошто «Ю.И.И.» аттуу жарандын башкаруусундагы жарым чиркегичи бар жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын жүк салуучу бөлүгүн бажылык текшерүү учурунда жалпы салмагы 28 035 кг түзгөн деп маркировкаланып, желим баштыктарга салынган