Токмокто УКМКнын шаардык бөлүмүнүн оңдолгон имараты ачылды
Бүгүн, 5-октябрында капиталдык оңдоодон кийин УКМКнын Токмок шаардык бөлүмүнүн имараты ачылды.
Жаңы имарат кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.
Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, атайын кызматтын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрүнө жетиштүү шарт түзүү аракети уланаарын белгиледи. Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу тапшырмасын күчөтүүнү эскертти.
Ошондой эле төрага сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырманы жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.