акыркы жаңылыктар

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

Бизнес маек

Мамлекет оюндун эрежелерин эле так белгилеп койсо таланттуу ишкерлер көбөйөт — ЖИАнын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу

2006-жылы прогрессивдүү ишкерлердин демилгеси менен түзүлүп, бардык облустарда кеңселерин ачып, учурда Кыргызстанда орто жана чакан бизнестин миңдеген өкүлүнүн башын бириктирип, ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйүн көтөрүп келген ар тармактуу бизнес-ассоциация ЖИАнын учурдагы жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу менен маектин биринчи бөлүгүн бул жерден окусаңыз болот. — Кыргызстандыктар өздөрүнүн азыктарын брендге айлантканды билишпейт деген

Мамлекеттин кампасында 19.1 миң тонна буудай бар

Коом

Мамлекеттин кампасында 19.1 миң тонна буудай бар

2023-жылдын 3-октябрына карата республика боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 19.1 миң тонна буудайды сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Такталгандай, буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон, илешкектиги (клейковинасы) 23% кем эмес. Мамлекеттик фонд мындан ары сатып алуу иштерин улантат.

Экономика министрлиги жеңил өнөр жайы дүйнөлүк рыноктогу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди

Экономика

Экономика министрлиги жеңил өнөр жайы дүйнөлүк рыноктогу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди

Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукциясы боюнча дүйнөлүк рынокто өз ордун табуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова ЖМКларга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын 90% тигүү өндүрүшүнөн турат. Жергиликтүү тигүүчүлөр дүйнөлүк моданын тез өзгөрүп жаткан тенденцияларына кылдаттык менен байкоо салып,

Бажыда 8.9 млн сомго салыгы төлөнбөгөн товарлар аныкталды

Экономика

Бажыда 8.9 млн сомго салыгы төлөнбөгөн товарлар аныкталды

БТЖга товарлардын жеткирилбегендиги жана аларды ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды. Дээрлик 9 миллион сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Такталгандай, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери товарларды бажылык тариздөөчү жерге жеткирүү боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылы КРнын резиденттери «Э. Н.» ЖЧК, «С.К.» ЖИнин дарегине «кийим-кече, жашылча-жемиш» сыяктуу товарлар Өзбекстандан,

Франциялык EDF энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Экономика

Франциялык EDF энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Франциянын Electricite de France (EDF) компаниясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер-Поль Антониссэнс жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди. Тараптардын Кыргызстандын аймагында EDF компаниясынын катышуусу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиги баса белгиленип, бул багыттагы мындан аркы

Кадамжайда компьютердик томография орнотулду – баасы 360 миң долларды түзөт

Гранттар жана кредиттер

Кадамжайда компьютердик томография орнотулду – баасы 360 миң долларды түзөт

Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборуна компьютердик томография орнотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, компьютердик томография аппараты Кытай компаниясынын колдоосу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында орнотулду. Заманбап медициналык аппараттын баасы 360 миң долларды түзөт. Компьютердик томография райондун жашоочулары үчүн зор жаңылык болуп эсептелет. Алыс жолго убакыт коротпостон, райондун

Кегети капчыгайында чет элдик велоспортчулар үчүн белгилер орнотулду

Коом

Кегети капчыгайында чет элдик велоспортчулар үчүн белгилер орнотулду

Кегети капчыгайында чет элдик велоспортчулар үчүн белгилер орнотулду. Бул тууралуу Туризм фонду билдирди. Фонд белгилегендей, Кегети капчыгайы жыл бою борбордун жанындагы жөө жүрүш жана пикник үчүн эң популярдуу жайлардын бири. Анткени капчыгайдын бардык негизги кызыктуу жерлери транспорттук жеткиликтүүлүктүн чегинде жайгашкан, бул аларды дээрлик бардыгына зыярат кылуу үчүн ыңгайлуу кылат. Капчыгайда

Нарын облусунун 27 айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаалары тапшырылды

Бийлик

Нарын облусунун 27 айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаалары тапшырылды

Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун 27 айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаалары тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Иш чара Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдыгына арналган маданий массалык иш чаранын расмий бөлүгү Кочкор айылындагы М.Садыков атындагы стадиондо өткөрүлдү. Президенттин айтымында, Нарын дубанында 63 айыл өкмөтүнөн ирилештирүүдөн кийин 27 айыл

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча делегациялары жолугушту

Бийлик

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча делегациялары жолугушту

2023-жылдын 2-октябрында Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. КРнын делегациясын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеп барышты. Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси

Октябрдан тартып пенсия көбөйдү – Соцфонддун эскертүүсү

Коом

Октябрдан тартып пенсия көбөйдү – Соцфонддун эскертүүсү

2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га көбөйдү. Бул тууралуу Соцфонд билдирди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкка ылайык пенсионерлердин жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында, КРнын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки

Темир жол вокзалына туристтик поезд келди – фото

Коом

Темир жол вокзалына туристтик поезд келди – фото

2023-жылдын 2-октябрында Бишкек-2 темир жол бекетине Америкадан жана Европадан туристтер келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” билдирди. Жалпысынан поезд менен 62 турист келди. Кыргызстанга ушуну менен 4-туристтик поезд келип жатат.

Эмгек министри Түп районунда "Социалдык контракт" долбоорун ишке ашыруусун текшерди

Коом

Эмгек министри Түп районунда "Социалдык контракт" долбоорун ишке ашыруусун текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Түп районундагы "Социалдык контракт" долбооруна катышкан үй-бүлөлөргө барды. «Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун мисалы катары Тумара Калыбаеванын үй-бүлөсү жана анын алты баласы саналат, кулпунай өстүрүү менен сезондо 150 миң сом киреше табышкан. Үч баланын энеси, өзү мүмкүнчүлүгү чектелген Гүлзат Дастанова мамлекеттин