Франциялык EDF энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Франциялык EDF энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Франциянын Electricite de France (EDF) компаниясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер-Поль Антониссэнс жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Тараптардын Кыргызстандын аймагында EDF компаниясынын катышуусу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиги баса белгиленип, бул багыттагы мындан аркы кадамдар талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенишүүнү жана Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду активдештирүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы биргелешкен иш алып барууга даярдыгын билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте айыл чарба жарманкелери кийинки жай мезгилине чейин сунушталат

Сокулукта транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы бөлүм ачылды

Жеңишбек Асылбек Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды

СПЕКА өлкөлөрү аймактык кызматташтык боюнча биргелешкен долбоорлорду бекитти

Бишкекте коомдук транспорт боюнча көйгөй талкууланды