акыркы жаңылыктар

Бул жылы кайра иштетүү өнөр жайында 95,2 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

Коом

Бул жылы кайра иштетүү өнөр жайында 95,2 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

2025-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин макроэкономикалык абалы туруктуу сакталып, айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүү көлөмү 437 миллиард сомдон ашты. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 102%ды түздү. Министрликтин маалыматына ылайык, кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын өндүрүшү 95 миллиард 230 миллион сомго жетип, өткөн

Президенттин сунушу менен Эсептөө палатасынын аудитору кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Экономика

Президенттин сунушу менен Эсептөө палатасынын аудитору кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети кечээ Эсептөө палатасынын аудитору Бадахшан Рыскулиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди. Парламенттеги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытовдун айтымында, Рыскулиев бул кызматка мамлекет башчысынын квотасы менен дайындалган. Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун сунушунун негизинде

11 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түштү

Экономика

11 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түштү

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу багытындагы иштердин алкагында бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түшүүлөрдү камсыз кылды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынын өкүлү Айнура Эргешова билдирди. Маалыматка караганда, карыздарды өндүрүү боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу салык карыздары менен системалуу иштөөнүн жана

Кыргыз токендери бүгүн Binance криптовалюта биржасында сатыла баштайт

Экономика

Кыргыз токендери бүгүн Binance криптовалюта биржасында сатыла баштайт

Эң ири криптовалюта биржасы Binance өзүнүн спот платформасында жеткиликтүү соода инструменттеринин тизмесин кеңейтүү планын жарыялаганы анын расмий сайтындагы маалыматта айтылат. Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, жаңы KGST/USDT жубу үчүн соода 2025-жылдын 24-декабрында саат 8:00дө башталат. Белгилей кетсек, KGST – Кыргызстандын улуттук стейблкоини, кыргыз сомуна 1:1 катышында байланган. Буга

Ички аба каттамдардын баалары арзандайт жана туруктуу болот

Транспорт

Ички аба каттамдардын баалары арзандайт жана туруктуу болот

2026-жылга карата өлкө ичиндеги аймактарга болгон аба каттамдардын баалары Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык арзандатыларын президенттин басма сөз катчысы "Кабар" агенттигине Аскат Алагөзов билдирген. Анын айтымында, ортодогу айырма Турукташтыруу фондунун каражаттары менен жабылып турат. Башкача айтканда, мурдагыдай болуп кайсыл бир аймакка уча турган каттамдын билеттери акыркы саатта

Салык төлөөчүлөрдүн 26%ы гана Бирдиктүү салык режимине өткөн

Экономика

Салык төлөөчүлөрдүн 26%ы гана Бирдиктүү салык режимине өткөн

Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Бирдиктүү салыкка өтүү ыктыярдуу экенин, ар бир уюм өзүнө эң ыңгайлуу салык режимин өзү тандай турганын билдирди. Анын айтымында, экспорт менен алектенген компаниялар жалпы салык режиминде калууну артык көрүшөт. Ошондой эле Асылкулов экономиканын айрым тармактары этап-

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 11 айда 903,7 млн долларга жетти

Экономика

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 11 айда 903,7 млн долларга жетти

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүсү 903,7 миллион долларды түздү. Статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилинде 737,2 миллион долларды түзгөн.  Жылдын өткөн мезгилинде Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 72,8 миллиард долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине

Кыргызстанда кризистик борборлорго бюджеттен 21 млн сом каралган

Коом

Кыргызстанда кризистик борборлорго бюджеттен 21 млн сом каралган

ЖК депутаты Венера Салямова комитеттердин жыйынында Кыргызстанда зомбулукка кабылган аялдар үчүн мамлекеттик бюджеттен каржыланган кризистик борбор бар жогуна кызыкты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев мындай борборлор жок экенин, бирок социалдык келишимдин алкагында иштеген борборлор бар экенин айтты. Депутат зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу бул маселени чечүү зарыл экенин

Сокулуктагы №366 каттамга кошумча автобус берилди

Транспорт

Сокулуктагы №366 каттамга кошумча автобус берилди

Бүгүн, 23-декабрда Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын адистери Сокулук районуна караштуу Чоң-Жар, Кичи Шалта жана Дача-Радуга конуштарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Анда буга чейин көйгөй жаратып келген коомдук транспорт маселеси жеринен талкууланды. Натыйжада,

Быйыл 76 миңден ашык жаранга “кызыл китеп” тапшырылды

Коом

Быйыл 76 миңден ашык жаранга “кызыл китеп” тапшырылды

Быйыл өлкө боюнча 76 688 жаранга менчик укугун күбөлөндүргөн “кызыл китеп” документи тапшырылды. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Жакшылык Токтосунов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди. Токтосуновдун айтымында, райондук администрациялар жана шаардык мэриялар алдында түзүлгөн атайын комиссиялар жарандардын жер тилкелерине укуктарын

Транспорт министрлиги: 11 айда бюджетке 1 млрд 65 млн сом түштү

Транспорт

Транспорт министрлиги: 11 айда бюджетке 1 млрд 65 млн сом түштү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыты болгон транспорт тармагы 2025-жылдын 11 айында казынага 1 млрд 65 млн 832 миң сом түшүрдү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилинде болгон 334 млн 170 миң сомго салыштырмалуу кыйла жогору. Министрликтин маалыматка ылайык, каражат лицензия берүүдөн, административдик айыптардан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак

Саламаттык сактоо тармагына 23 миңге жакын адис жетишпейт

Экономика

Саламаттык сактоо тармагына 23 миңге жакын адис жетишпейт

Саламаттык сактоо тармагында 6,5 миң дарыгер жана 8,5 миң медайым жетишпей жатканын Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов билдирди. Мындан тышкары, 3,5 миң медайым жана болжол менен 2 миң техникалык кызматкер тартыш экени