Президенттин сунушу менен Эсептөө палатасынын аудитору кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Президенттин сунушу менен Эсептөө палатасынын аудитору кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети кечээ Эсептөө палатасынын аудитору Бадахшан Рыскулиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди.

Парламенттеги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытовдун айтымында, Рыскулиев бул кызматка мамлекет башчысынын квотасы менен дайындалган. Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун сунушунун негизинде аудиторду кызматтан бошотууну сунуштаган.

Депутат Жаныбек Абиров комитетке келип түшкөн материалдарды изилдеп чыкканын айтып, Рыскулиевди тааныгандыктан бул жагдайга абдан таң калганын белгиледи.

Эсептөө палатасынын төрагасы бул окуя боюнча мекеменин ички коопсуздук кызматы кызматтык иликтөө жүргүзгөнүн, анын жыйынтыгы боюнча маалымат президентке берилгенин айтты. Дал ушул маалыматтын негизинде өлкө башчысы аны кызматтан алуу сунушун киргизген.

Акматов ошондой эле Рыскулиев 2027-жылга чейин иштеши керек болгонун кошумчалады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Касымалиев Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу менен таанышты

Жерүй кенинен 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом түшкөн

Улуттук банк эскертет

Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү

Кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду