11 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түштү

11 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түштү

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу багытындагы иштердин алкагында бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түшүүлөрдү камсыз кылды.

Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынын өкүлү Айнура Эргешова билдирди. Маалыматка караганда, карыздарды өндүрүү боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу салык карыздары менен системалуу иштөөнүн жана аналитикалык ишти күчөтүүнүн натыйжасында жетишилди.

Мындан тышкары, КРнын 2025-жылдын 31-июлундагы Мыйзамына ылайык, 97 миң 169 субъекттин салыктык карызы эсептен чыгарылды.

Ошондой эле, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн онлайн-төлөө, башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен салыктык маалымат системасын интеграциялоо, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн билдирүү, жарандарга салык карызы бар экендиги тууралуу СМС-билдирүү жөнөтүү системасы сыяктуу санариптик куралдарды жана онлайн-кызматтарды киргизүү да олуттуу салым кошту.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Суу өчүрүлө турган аймак: Маевка айылы: Скворцов көчөсү - Шаттык көчөсү - Чүй-39 көчөсү - Түлөбердиев көчөсү - Жапаров

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарынын Көчкөнөв көчөсүндөгү №135 даректе муниципалдык ипотекалык ишкана кура турчу көп батирлүү турак үйдүн курулушуна мезгил кутусун салышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Белгиленгендей, долбоорду муниципалдык ипотекалык

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

19-20-июлда өлкө аймагында абанын табы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз абанын температурасы +41...+43 градуска чейин жетет. Кыргызгидромет күндүн эң ысык маалында сыртта көп жүрбөөгө, жетиштүү суюктук ичүүгө жана өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугарууга чакырды. Ошондой эле абанын

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

Бишкекте АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кескин жогорулап, айрым май куюучу жайларда литри 109,9 сомго чейин жетти. Ошол эле учурда айрым түйүндөрдө күйүүчү май таптакыр жок болуп, айдоочулар арасында нааразычылык күчөдү. Бишкек шаарындагы май куюучу жайлардын абалына сереп салсак, анын жыйынтыгы төмөндөгүдөй: -        Bishkek Petroleum май куюучу жайларында АИ-95