Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 11 айда 903,7 млн долларга жетти

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 11 айда 903,7 млн долларга жетти

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүүсү 903,7 миллион долларды түздү.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилинде 737,2 миллион долларды түзгөн. 

Жылдын өткөн мезгилинде Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 72,8 миллиард долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 018,4 миллион долларга же 21,8%га өскөн. 

Тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнөн экспорт 30 894,8 миллион долларды, ал эми импорт 41 885,4 миллион долларды түзгөн. Натыйжада, терс сальдо 10 990,6 миллион долларды түзгөн. 

Өзбекстан 210 өлкө менен соода жүргүзүп келет. Тышкы соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү Кытай (20,1%), Россия (16,2%), Казакстан (6,0%), Түркия (3,7%) жана Корея Республикасы (2,2%) менен катталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Касымалиев Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу менен таанышты

Жерүй кенинен 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом түшкөн

Улуттук банк эскертет

Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү

Кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду