Саясат
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапары менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Пакистандын премьер-министрин Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Шахбаз Шариф ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга