Экономика
Өлкөдө 40 миң 968 адам расмий жумушсуз деп катталган
Кыргызстанда 40 миң 968 жаран расмий жумушсуз деп катталганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул мыйзам чегинде документтери туура болуп, расмий түрдө катталган жарандар. Ал эми