Коом
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлдү
10-ноябрга карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү. Социалдык келишимдин катышуучуларынын бизнес-программалары айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат