Экономика
Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн
Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы радиожыштыктарды сатуу боюнча 4 онлайн-аукцион өткөрүлгөн. Аукциондордун жыйынтыгында жалпы сатуу суммасы 1 миллиард 557,5 миллион сомду түзгөн. Аукциондор боюнча маалымат: Негизги түшүм 2575–2625 МГц диапазонундагы (тилкенин туурасы 50 МГц) радиожыштыкты сатуудан түшкөн. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында LTE технологияларын