акыркы жаңылыктар

КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди

КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди

Кыргызстанга электромобилдер жана электр заряддоочу станциялар боюнча долбоордун алдын ала изилдөөсүн жүргүзүү үчүн эксперттер тобу келди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Кечээ, 26-январда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) директору Ли Жонгсу мырза менен жолугушту, анда эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты

«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты

17-январда «Кыргыз-Швейцариялык Банк» ЖАКтын Каракол шаарында филиалы ачылды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди. Банктын жаңы филиалы кардарларды оперативдүү тейлөө үчүн техникалык жабдуулар менен жабдылган, банктык жайларды коргоонун заманбап талаптарына жооп берет жана коноктордун жайлуу болушу үчүн бардык зарыл шарттарга ээ. “Заманбап операциялык бөлмө кардарларды ыңгайлуу тейлөөгө мүмкүндүк берет. Тейлөөнүн

Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды - кубаттуулугу күнүнө 2 тонна

Ысык-Көлдө таштанды ылгоочу цех ачылды - кубаттуулугу күнүнө 2 тонна

Көлдүн экологиялык абалына, жаратылышына жана жаныбарлар дүйнөсүнө өзгөчө көңүл буруу максатында Жаратылыш ресурстар министрлиги Ысык-Көл облусунда калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу боюнча цех ачты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Таштанды ылгоочу линия Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жайгашкан жана иштеп жатат. Бул ылгоочу линияны ишке киргизүүнүн маанилүү багыты көлдүн жанындагы кыштактардан жана

Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат - Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт

Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат - Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт

Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев билдирди. Аалиев учурда пахтаны өстүрүү жана андан текстиль буюмдарын өндүрүүнү караган кластердик өндүрүш долбоору даярдалып жатканын айтат. “Бул Кыргызстандын текстиль тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Бизде пахта бар, бирок аны кайра иштетүү

СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады

СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады

Кыргыз-өзбек бизнес форумунда Соода өнөр жай палатасынын жетекчиси (СӨП) Темир Сариев кыргызстандык ишкерлер үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктар тууралуу айтканын билдирди. Ошондой эле бүгүнкү форумдун алкагында палата бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруп, анда кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдук болуп саналган көйгөйлөр айтылган. Алар: * чек арага чектеш райондордо

«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды

«Манас» аэропорту туунду компаниялары «Эйр Кей Джи» менен «Манас Менеджменттин» директорлорун алмаштырды

Бактилек Калмурзаев “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын, Азат Догочиев «Эйр KG» авиакомпаниясынын башкы директорлугу кызматынан бошотулушту. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди. Калмурзаев бул кызматты 2022-жылдын августунан бери аркалап келген. 10-январда бул кызматка Улан Барыктабасов шайланган. Ал эми Догочиев бул кызматта

Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду - тизмеси

Бизнес

Кыргыз-өзбек бизнес форумунда 168 млн долларлык келишимдерге кол коюлду - тизмеси

2023-жылдын 26-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга иш сапарына карата Бишкекте өткөн Кыргыз-өзбек бизнес форумунун алкагында, 10 коммерциялык келишимге жана бир Жол картасына кол коюлду. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди. Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түзүлгөн беш келишимге ылайык, келишимдердин суммасы жарыяланып, ал 168 млн долларды түздү. Төмөндө түзүлгөн келишимдердин тизмеси:

КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар - 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда

КР менен Өзбекстандын жылдык соода жүгүртүүсү 540 млн доллар - 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүү 543.2 млн АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өтүп жаткан «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунда айтылды. Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугушуп, анда

Учурда Кыргызстанда  өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат

Учурда Кыргызстанда өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат

Учурда өлкөдө өзбек капиталынын катышуусунда 60 ишкана иштеп жатат, анын 22си – биргелешкен ишканалар, 38и өзбек капиталынын толук катышуусу менен иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өтүп жаткан «Кыргызстан — Өзбекстан» бизнес-форумунда айтылды. Форумда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдө Өзбекстандан инвестицияларды, технологияларды жана компанияларды башкарууну тартууга кызыкдар

Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз - Акылбек Жапаров

Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз - Акылбек Жапаров

Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форумунда айтканын минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жапаров форумда «таза» энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар экенин айткан. “КР энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалына ээ,

ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды

ОСАГО: айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды

Унаасын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн жарандарга айып пул салуу мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди. Шакиевдин билдиргенине караганда, ал 1-апрелден тарта унаа ээлерине айып пул салбоо маселесин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен талкуулаган. Жапаров айып пулду киргизүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырууга макул болгон. «Мен депутаттардын

Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды

Марко Поло тоо аркарына, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды

Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-2026-жылдары Ысык-Көл жана Нарын облустарында Марко Поло тоо аркары, тоо эчкисине, эликке, каманга жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынгандыгын билдирди. Министрлик жарандарды өлкөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана коргоо максатында, жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо жөнүндө эскертет. Ысык-Көлдө жапайы тоо теке аткан браконьер кармалды