Мэрия «Орто-Сай» базарындагы ижарачылар менен түзмө-түз келишим түзөт
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти «Орто-Сай» соода-базар комплексинин аймагындагы жер тилкесин башка ижарачыга берүүнү көздөөдө. Себеби, 2016-жылы тендерден ижарага утуп алган «Карасай Сервис ЛТД» ЖЧК өзүнүн милдеттенмелерин аткарган эмес. Мэрия «Орто-Сай» соода-базар комплексинин аймагындагы ички жана тышкы павильон («Жашыл базар») муниципалдык менчик болуп саналарын белгиледи. Ал жерди жети