акыркы жаңылыктар

«Керемет Банктын» акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны өтөт

«Керемет Банктын» акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны өтөт

«Керемет Банк» ААК 2023-жылдын 20-январында акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. КФБнын берген маалыматына караганда, күн тартибинде “Керемет Банк” ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана аталган банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүн шайлоо каралат.

Улуттук энергохолдинг суук күндөрү жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

Улуттук энергохолдинг суук күндөрү жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

Аба ырайынын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, авариялык кырдаалдардан сактануу үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. “Республика боюнча энергетиктер ГЭСтерде, көмөк чордондордо жабдуулардын коопсуз иштешин камсыз кылуу жана авариялык кырдаалдарды болтурбоо үчүн күнү-түнү нөөмөттө турушат. Өлкөнүн бардык аймактарында абанын

Эми мамлекеттик ипотеканы пенсиялык топтоолордун эсебинен төлөөгө болот

Эми мамлекеттик ипотеканы пенсиялык топтоолордун эсебинен төлөөгө болот

Өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (МИК) насыя алган кыргызстандыктарга пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен ипотекалык насыясын төлөөгө уруксат берди. Мындай маалымат өзгөртүүлөр киргизилип жаткан «КРнын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомунда минкабдын сайтында жарыяланды. Эң аз сумма 50 миң сомду түзүп жана ипотекалык

Акылбек Жапаровго Сокулуктагы мал базардын абалы жакпады - аким жумуштан кетет

Акылбек Жапаровго Сокулуктагы мал базардын абалы жакпады - аким жумуштан кетет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн аймактарындагы мал базарларынын абалы боюнча видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, кечээ Жапаров Сокулуктагы мал базарга барып, резина өтүк кийип алып, ал жерди кыдырган болчу. Жыйындын жүрүшүндө ал президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин сынга алып, Сокулук

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары акысыз берилет - «Нур Кубат» пилоттук долбоору ишке кирет

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары акысыз берилет - «Нур Кубат» пилоттук долбоору ишке кирет

Эмгек министрлиги, Энергетика министрлиги менен биргеликте “Нур Кубат” долбоорун ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Энергетика министрлигинин өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар менен жолугушууда билдирди. Жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүү максатында аталган министрлик 2023-жылы Энергетика министрлиги менен бирдикте “Нур Кубат” долбоорун пилоттук режимде ишке

Үч жылдын ичинде комбанктардын депозиттик базасы 173.3 млрд сомго көбөйдү

Экономика

Үч жылдын ичинде комбанктардын депозиттик базасы 173.3 млрд сомго көбөйдү

2022-жылдын ноябрь айынын аягында коммерциялык банктардын депозиттик базасы 327 млрд сомдон ашты. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2020-жылдын башынан бери ал 173.3 млрд сомго өскөн. Отчеттук мезгилде чет өлкө валютасындагы депозиттер дээрлик үч эсеге өстү: 2020-жылдын январындагы 59.1 млрд сом болсо, 2022-жылдын ноябрында ал 153.8 млрд сомго чейин

Айрым айыл чарба продукциялары үчүн КНСтин нөлдүк ставкасы узартылды

Экономика

Айрым айыл чарба продукциялары үчүн КНСтин нөлдүк ставкасы узартылды

Министрлер кабинетинин өткөн жылдын аягындагы токтомуна ылайык, өсүмдүк майын, тоок жумурткасын, дан эгиндерин, тоют азыктарын, арпа, ун жана ушул сыяктуу айыл чарба азыктарын импорттоодо КНСтин нөлдүк ставкасы узартылды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукциясынын кескин тартыштыгын болтурбоо максатында, 2022-жылдын аягында “КРда

China Southern Airlines авиакомпаниясы Бишкек - Сиань туруктуу аба каттамын ачат

China Southern Airlines авиакомпаниясы Бишкек - Сиань туруктуу аба каттамын ачат

Бишкектен Сианьга туруктуу авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди. «МЭА» ААКтын берген маалыматына караганда, Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы келерки айда Сиань – Бишкек – Сиань багыты боюнча түз каттамдарды ачууну пландап жатат. «Манас» эл аралык аэропортунан Кытайдын эң

Эми троллейбустардын кыймылын «Менин шаарым» тиркемесинен байкоого болот

Эми троллейбустардын кыймылын «Менин шаарым» тиркемесинен байкоого болот

Эми троллейбустардын кыймылын “Менин шаарым” тиркемесинде байкоого болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн троллейбустардын кыймылы “Менин шаарым” тиркемесинде жайгаштырылган. Ал тиркемеде троллейбустардын каттамдары, акыркы аялдамалары көрсөтүлүп жана керектүү троллейбус кайда келе жатканын көрүүгө болот. Тиркемени Play Market’тен бул шилтеме боюнча жүктөп алууга болот. * *

Бишкекке алынган автобустардын жарымы январдын аягына чейин келет - убадалар уланууда

Бишкекке алынган автобустардын жарымы январдын аягына чейин келет - убадалар уланууда

Январь айынын аягына чейин Бишкек шаарына Кытайдан алынган 120 автобустун жарымы келип калат. Бул тууралуу «Т-Медиага» Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын директору Бакыт Темикеев билдирди. Буга чейин автобустар 2022-жылдын 15-декабрына чейин келиши күтүлгөн болчу. Темикеевдин «Т-Медиага» билдиришинче, алып келүүнүн кечеңдешине Кытайдагы пандемия себеп болгон. «Автобустар негизи декабрь айынын аягына чейин келет

Инвесторлор Бишкекте таштанды иргей турган биринчи жайды ишке киргизишти

Инвесторлор Бишкекте таштанды иргей турган биринчи жайды ишке киргизишти

Пилоттук долбоордун алкагында таштанды иргөөчү жай Биринчи май районунун аймагындагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды биринчи сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган. Жалпы аянты 147.1 чарчы метр жерде 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо

«Фрунзе» эл аралык сапат сертификатын алган Кыргызстандагы биринчи супермаркет болуп табылды

«Фрунзе» эл аралык сапат сертификатын алган Кыргызстандагы биринчи супермаркет болуп табылды

«Фрунзе» супермаркети ISO сапаты боюнча эл аралык системасына шайкештик сертификатын алган КРдагы биринчи чекене тамак-аш сатуучу компания болуп табылды. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) маалымат кызматы билдирди. Белгиленгендей, ишкерликти жана бизнес чөйрөнү колдоо боюнча USAID долбоорунун аркасында Фрунзе супермаркети жана “Агро Куш” канаттуулар фабрикасы сапат менеджменти жана