Чиновниктердин кварталдык сыйлыктары кыскартылат, бирок 13-айлыгы жана эки айлыктык эмгек өргүүсү калат
Минкаб башчысы Акылбек Жапаров кечээ, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында кварталдын жыйынтыгы боюнча чиновниктерге берилүүчү сыйлыктар кыскартылганын билдирди. Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү планда жок экенин билдирди. «Айлыктар көтөрүлгөнгө чейин премиялар эмгек акыны жогорулатуунун бир ыкмасы болчу. Бирок мамлекеттик кызматкерлер муну дагы бир айлык катары көрүшчү.