Депутат өз үй-бүлөсүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүн да текшерүүнү сунуштады

Депутат өз үй-бүлөсүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүн да текшерүүнү сунуштады

Бүгүн, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн үй-бүлөсүн жана Ташиевдердин үй-бүлөсүн текшерип, салыштырып көрүүнү сунуштады.

Буга чейин ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кысым жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп, туугандарынын бизнесин тартып алабыз деп коркутканын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “Кудайберген” базарына ээлик кылган Сурабалдиеванын үй-бүлөсү мамлекетке 70 млн сом карыз экенин айтты. Ал ошондой эле башка депутаттарга да карата келип түшкөн арыздардын негизинде оор кылмыш иштерин козгойбуз деп коркутту.

Сурабалдиева Салык кызматы “Кудайбергенди” эки айдан ашык убакыт текшергенин, 2 млн сомдук салык төлөнгөндүгүн жана андан бери бир ай өтө электигин айтты. Анын сөзүн ведомствонун башчысы Алтынбек Абдувапов тастыктады. Депутат бул Салык кызматынын катасыбы деп сурады – анын айтымында буга чейин эч кандай 70 млн сом тууралуу сөз болгон эмес.

«Акылбек Үсөнбекович, ал сиздин орун басарыңыз эмеспи. Анын эл алдында айткан сөздөрүнөн кийин Сурабалдиевдердин үй-бүлөсүнүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн да капиталынын келип чыгышы боюнча текшерүү уюштурууга даярсызбы? Жогорку Кеңештин бардык депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү катышсын. Мен мындай кадамга барууга даярмын. Ошондо бул өлкөдө ким салык төлөп, ким кантип байыганын көрөбүз», – деди Сурабалдиева.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Эмгек министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызматкерлерге төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом айлык акысын кайтарып алуусуна көмөктөштү. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8%га азайган.

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары Ысык-Көл облусунда жолдорду масштабдуу оңдоо пландалып жатканын билдирди.  “Өзүңүздөр көрүп тургандай, Балбай айылына чейинки жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Андан ары Балбайдан Караколго, андан кийин Барскоонго жана Балыкчыга чейинки тилкени оңдоо иштери уланат. Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо иштери эки-үч жылдын

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш