Англияга сезондук жумуштарга баруу үчүн суроолоруңузду берсеңиз болот - call-борбор иштейт
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору акысыз сурап-билүү телефонун ишке киргизип жатканын билдирди. Аталган call-борбордон Улуу Британиянын Айыл чарба сезондук жумуштарынын мамлекеттик программасынын алкагында миграция маселелери боюнча акысыз түз байланышып, суроолорго жооп алууга болот. Ишеним телефону бардык каалоочулар үчүн керектүү маалыматты тактоого