Сыраны акциздик марка менен белгилөө үч айда бюджетти дээрлик 130 млн сомго толуктады
Быйылкы жылдын I кварталында өндүрүлгөн пиво азыктарынан 129.4 млн сом акциздик салык чогулган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине белгиленген пландан эки эсе ашып кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Кирешелердин өсүшү быйылкы жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын аймагында пиво продукциясын милдеттүү маркалоону киргизүү менен байланыштуу болду. Мындан