Өзбекстан шамал станциясын курууга жабдууларын Кытайдан Кыргызстан аркылуу алып өтүүдө
Өзбекстан шамал станциясын куруу үчүн турбиналарын Кытайдан Зарафшанга (Өзбекстандын Навои облусундагы шаар) Кыргызстан аркылуу алып өтөт. Бул тууралуу China Daily билдирди. Жабдуулар Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы Кашкарга чейин темир жол менен келген. Ал жерден контейнерлер авточиркегичтерге жүктөлүп, Эркечтам аркылуу Кыргызстандын чек арасын кесип, Өзбекстанга өтүшөт. “Көбүнчө Кытайдан Өзбекстанга товарлар Казакстандын