
Бизнес маек
Биржанын туура тандалган бизнес-модели колдонуучулардын каражаттарын сактап калат –эксперт криптотармагы тууралуу айтып берет
Дээрлик бир жыл мурун крипто индустриясы катуу кризисти башынан өткөргөн. FTX крипто биржасы кыйрагандан кийин криптовалюталардын курсу жана колдонуучулардын ишеним деңгээлинин төмөндөшү байкалып, андан кийин бул сферадагылар кетирген каталарынын үстүндө иштей башташты. Алардын абалын жакшыртуу жана бүтүндөй тармактын туруктуу ишин колдоо үчүн рыноктун катышуучулары тобокелдиктерди башкарууга өзгөчө көңүл бурушу керек.