Latest

Эмил Жамгырчиевдин ордуна Эльдар Абакиров депутат болот

Бийлик

Эмил Жамгырчиевдин ордуна Эльдар Абакиров депутат болот

Борбордук шайлоо комиссиясы «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алды. Учурда Эмилбек Жамгырчиев УКМКнын тергөө абагында. Ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда. Жамгырчиевдин ордуна депутаттык мандат Эльдар Абакировго өтөт.

Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдеги абал менен таанышышты

Бийлик

Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдеги абал менен таанышышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Президент ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда. Ошондой эле абал менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Энергетика министри Бишкектин ЖЭБна келди

Энергетика

Энергетика министри Бишкектин ЖЭБна келди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев шашылыш түрдө иш сапарын үзүп, Бишкектин ЖЭБне келди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Такталгандай, министр учурдагы абал боюнча жеринде кабар алды. Министр алгач, температатураны калыбында кармап калуу үчүн откана   цехтин ачылып калган жерлерин ыкчам жабуу тапшырмасын койду.

Бишкекте көмүр баалары туруктуу

Коом

Бишкекте көмүр баалары туруктуу

2024-жылдын 2-февралында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы шаардагы көмүр сатчу базаларда мониторинг жүргүздү. Бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы 4 000 сомго чейин ал эми тандалган түрү 4 700 сомдон сатылууда. Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок – ӨКМ

Бийлик

Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок – ӨКМ

Борбор калаанын ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, үйлөрдө температура сакталууда. «Бардык медициналык мекемелерге эскертүү берилип, билим берүү уюмдары онлайн окутууга өттү. Электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө. Норма боюнча үйлөрдөгү температура +18+21 градус

Кыргызстанда «Кыргыз-Чехия банкы» жок – Улуттук банк

Коом

Кыргызстанда «Кыргыз-Чехия банкы» жок – Улуттук банк

Instagram социалдык тармагында өзүн Кыргызстандагы Чехия капиталына ээ жана банктык кызматтарды сунуштаган биринчи банк катары маалымдаган «Кыргыз-Чехия Банкы» ААКтын баракчасы пайда болгон. Бирок Кыргызстанда андай банк жок. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Такталгандай, аталган банк Улуттук банкынын коммерциялык банктарынын реестринде жок. КРУБна аталган банкты түзүү боюнча эч кандай кайрылуулар түшкөн

Талантбек Арстанкулов Ош облусунун губернаторунун орун басары болуп дайындалды

Бийлик

Талантбек Арстанкулов Ош облусунун губернаторунун орун басары болуп дайындалды

Талантбек Арстанкулов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук администрациясы билдирди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Жыйынга райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Ош облусунун ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Талантбек Арстанкулов жетекчиликке көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, социалдык

ЖЭБдеги авариянын кесепеттери эки-үч күндүн ичинде жоюлат - Энергетика министрлиги

Коом

ЖЭБдеги авариянын кесепеттери эки-үч күндүн ичинде жоюлат - Энергетика министрлиги

Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин эки-үч күндүн ичинде жоюу пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, суу берүүгө чектөөлөр айрым объектилерге карата киргизилген. Муну менен катар министрдин орун басары электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин кошумчалады. Керимовдун айтымында, Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу

Баш калаадагы кырдаалга байланыштуу Акылбек Жапаров Бишкекке кайтып келет

Бийлик

Баш калаадагы кырдаалга байланыштуу Акылбек Жапаров Бишкекке кайтып келет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыдагы жумушчу сапарын үзгүлтүккө учуратып, борбор калаанын жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарына учуп кетти. Бул тууралуу минкаб билдирди. Акылбек Жапаровдун ордуна министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана Digital Almaty 2024: Industry X эл аралык

2023-жылы аймактарда бизнести өнүктүрүүгө 2.8 млрд сомдон ашык кепилдиктер жумшалды

Экономика

2023-жылы аймактарда бизнести өнүктүрүүгө 2.8 млрд сомдон ашык кепилдиктер жумшалды

Жалпысынан 2023-жылы ишкерлер өнөктөш банктардын кепилдиги менен 8.2 млрд сом өлчөмүндө кредит алышкан. 2023-жылы республика боюнча 4 736 ишкер «Кепилдик фонд» ААКнын кызматынан пайдаланган. Бизнеске 2.6 млрд сом өлчөмүндө кепилдик колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу фонд билдирди. Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 90% дээрлик 2.1 млрд сом суммасында өлкөнүн

Бишкек ЖЭБги авариялык абалдын кесепеттерин Энергетика министрлиги иликтейт

Коом

Бишкек ЖЭБги авариялык абалдын кесепеттерин Энергетика министрлиги иликтейт

2024-жылдын 2-февралында, таңкы саат 03:00 чамасында Бишкек ш. ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана  авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алынып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча

Бишкек ЖЭБдеги казан жарылды - беш адам ооруканага жеткирилди

Коом

Бишкек ЖЭБдеги казан жарылды - беш адам ооруканага жеткирилди

Бишкек ЖЭБги 2-февралда авария болду. Тиешелүү маалымат «Электр станциялары» ААКнын басма сөз катчысы Уулбу Болотбековага шилтеме менен социалдык тармактарда таратылды. Авария тууралуу маалыматты Энергетика министрлигиндеги булактар да тастыкташты. Кырсыктын себептери иликтенип жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, казандардын бири жарылган.